Башкы Жаңылыктар Сарууда аралыктан добуш берүүгѳ даярдыктар жүрүүдѳ

Сарууда аралыктан добуш берүүгѳ даярдыктар жүрүүдѳ

18-Сен, 2023

Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү пайдаланылат.

2023-жылдын 4-сентябрында КР БШК Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары - Саруу айыл аймагынын шайлоочулары менен жолугушуу ѳткѳрдү.

Жолугушууга БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекова, БШК мүчѳсү И. Гайпкулов, КР Президентинин Ысык-Кѳл олбусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн биринчи орун басары У.Далиев, мамлекеттик администрация башчысы – Жети-Өгүз районунун акими Э.Бахавадинов, Саруу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Нурбек уулу, Саруу айыл аймагынын тѳрагасы А. Оморова, Жети-Өгүз районунун укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрү, Саруу айылдык кеңешинин депутаттары, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү жана тургундар – Саруу айыл аймагынын шайлоочулары катышты.

БШКнын тѳрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен үстүбүздѳгү жылдын 8-октябрына Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалган, аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү шайлоонун артыкчылыктуу ѳзгѳчѳлүгү болуп саналат.

Аталган жарлык менен аралыктан добуш берүү формасын пилоттук режимде апробациялоо, убактылуу регламентациялоо менен жабдуулардын модернизацияланган түрлѳрүн колдонуу жана башка зарыл чараларды кѳрүү мүмүкүнчүлүгүн кароо милдети коюлган.

Саруу айыл аймагынын шайлоочулары тигил же бул себептерден улам шайлоо күнү борбордо болуп калышып, ѳздѳрүнүн шайлоо участкаларында добуш берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, добуш берген күнү Бишкек шаарында, БШКнын имаратында уюштурулган аралыктагы шайлоо участкасында добуш бере алышат.

Аралыктан добуш берүүгѳ катышуу үчүн 2023-жылдын 23-сентябрына чейин шайлоо ѳткѳрүлүүчү жер боюнча шайлоо комиссиясына, Бишкек шаарында КР БШКнын имаратындагы аралыктагы шайлоо участкасында аралыктан добуш берүү шайлоо комиссиясына же болбосо «Шайлоочунун кабинети» (voter-cabinet.srs.kg) электрондук порталы аркылуу «Тизме» (tizme.gov.kg) шайлоочулардын порталына арыз берүүсү зарыл.

Жолугушууда бүткүл республика боюнча азыркы учурда пилоттук режимде жүзѳгѳ ашырылып жаткан административдик-аймактык реформанын долбоору талкууланды. Бүгүнкү күндѳ пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын долбоору Ысык-Кѳл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда жүзѳгѳ ашырылган. Мында депутаттарды шайлоо пилоттук режим аяктаганга чейин ѳзүнүн ишин улантат.

 

Жети-Өгүз районунда Саруу айылдык кеңеши ыйгарым укуктары быйыл аяктай турган жалгыз айылдык кеңеш болуп саналат, Жети-Өгүз районундагы калган 12 айылдык кеңештин ыйгарым укуктары 2025-жылдын апрелинде аяктайт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык административдик-аймактык реформа мыйзамдарга ѳзгѳртүү киргизилбей туруп пилоттук режимде 2024-жылдын аягына чейин улантылат. Эгерде аймактык ѳзгѳртүүлѳр тууралуу тийиштүү мыйзамга кол коюлса шайлоолор ѳткѳрүлѳт.

Административдик-аймактык реформанын пилоттук долбоору 2024-жылдын аягына чейин улантылат, Саруу айылдык кеңешинин ыйгарым укуктарын токтотуу же узартуу үчүн мыйзамдык негиздер болгон эмес.

Ушуга байланыштуу Саруу айылынын тургундарында мыйзамга ѳзгѳртүүлѳр киргизилгенге чеийн Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын дагы бир жолу шайлоо, ал эми депутаттарда ѳз аймагынын жашоочуларынын турмушун жакшыртуу үчүн дагы долбоорлорду жүзѳгѳ ашыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Жолугушууда шайлоочулар жана болочоктогу талапкерлер шайлоо процессинин мѳѳнѳттѳрү жана этаптары жѳнүндѳ зарыл маалыматтарды алышты.

Саруу айыл аймагы ѳзүнѳ 3 шайлоо округун жана 4 шайлоо участкасын бириктирип турат. Аладын ала тизмеге ылайык шайлоочуларлдын саны 6039 адамды түзѳт. Шайлоочулар ѳздѳрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алышса болот, эгерде так эместиктер болсо 22-сентябрга чейин арыз бере алышат.

21 мандат каралган, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервге алынган Саруу айылдык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2023-жылдын 7-сентябрында 24.00 саатта аяктаган. Каттоо добуш берүү күнүнѳ чейин 20 календардык күн калганда, башкача айтканда 18-сентябрда аяктайт.

8-октябрь – добуш берүү күнү. Шайлоонун жыйынтыктары 2023-жылдын 29-октябрында чыгарылат.

Жолугушууда 2019-жылдын 22-сентябрында ѳткѳн Саруу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо биринчи жолу ар бир шайлоо округунан аялдар үчүн мандаттардын 30% резервге алуу нормасы ийгиликтүү колдонулганы белгиленди. Квота боюнча 21 депутаттын ичинен 9 аял-депутат мандаттарды алышты, бул депутаттардын жалпы санынын 42,85% түздү.

БШКнын тѳрагасы 2019-жылы саруулуктар аялдар үчүн мандаттардын 30% резервге алуу нормасын ийгиликтүү жүзѳгѳ ашырууну колдошкону жана жардам беришкени үчүн бардык талапкерлерге жана шайлоочуларга ыраазычылыгын билдирди.

Саруу айылдык кеңешинин мисалына жараша 2021-жылы болуп ѳткѳн 448 жергиликтүү кеңештердин депутаттарын масштабдуу шайлоодо БШК жергиликтүү кеңештерде аял-дептуттардын ѳкүлчүлүгүн 9,6 пайыздан 38,76 пайызга кѳтѳрүүгѳ жетише алды.

БШКнын мүчѳсү, Ысык-Кѳл облусу боюнча куратор Искендер Гайпкулов Саруу айыл аймагынын жашоочуларын шайлоого активдүү катышууга чакырып, Саруу айыл аймагынын тургундарына аралыктан добуш берүү долбоорун ийгиликтүү жүзѳгѳ ашыруу мүмкүнчүлүгү берилип жатканын белгиледи. Искендер Гайпкулов БШК жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы консультацияларды берип, шайлоонун бардык жагдайлары боюнча бардык суроолого жооп берүүгѳ даяр экендигин белгиледи.

КР Президентинин Ысык-Кѳл олбусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев жергиликтүү тургандарга шайлоо прооцессине даярдыктардын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат беришкендиктери үчүн БШКнын ѳкүлдѳрүнѳ ыраазычылык билдирди. БШКнын маалыматтык- түшүндүрүү иштеринин манилүүлүгүнѳ токтолуп, бул шайлоочулардын шайлоого болгон түшүнүгүн жана ишеним бекемдей тургандыгын белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуу шарттарын жакшыртка турган аралыктан добуш берүүнү Сарууда ѳткѳрүүгѳ ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Улан Далиев талапкерлер жана шайлоочулар шайлоо аралыгында мыйзамдарды бузбай тургандыгына ишеним билдирди.

Мамлекеттик администрация башчысы – Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов жолугушуунун жүрүшүндѳ катышуучуларга Жети-Өгүз районунундагы административдик-аймактык реформанын долбоору жѳнүндѳ маалымат берип, долбоорго ылайык Саруу айыл аймагы Кызыл-Суу айыл аймагы менен бириктирле тургандыгын баяндады. Сунуш кылынган долборр боюнча 13 айылдык кеңештер 6 айыл аймагына бириктирилет. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык жактан колдоо кѳрсѳтүлѳ тургандыгын белгиледи.

Саруу айылдык кеңешинин тѳрагасы Айнура Оморова 2019-жылы Саруу айылдык кңешинде аялдар үчүн квота ийгиликтүү колонулганын белгилеп, 2023-жылы аралыктан добуш берүү да ийгиликтүү ишке киргизилерине ишенгендигин билдирди.

Саруу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишер 2019-жылы дептуттар менен БШКнын ѳкүлдѳрүнүн жолугшуусун эске салды, БШК тарабынан шайланган депутаттарга карата чоң кѳңүл бурулуп, жакшы шыктануулар жаралып, ал депутаттардын натыйжалуу иштешине демѳѳр болгонун белгиледи. Нурбек уулу Алишер ошондой эле башка айыл ѳкмѳттѳрүнүн ичинен эң мыкты катары Саруу айыл ѳкмѳтү биринчи орунду ээлегенин белгилеп, аралыктан добуш берүү долбоорун жүзѳгѳ ашыруу үчүн бардык күч-аракеттер жумшала тургандыгына ишеним билдирди.

Аксакалдар кеңешинин тѳрагасы Айдар Кудайбердиев жергиликтүү тургундар менен ѳткѳрүлгѳн жолугушууга ыраазычылыгын айтып, аралыктан добуш берүү ийгиликтүү ѳткѳрүнѳ ишеним билдирип, катышып жаткандардын баарына ийгилик каалады.

Саруу айылдык кеңешинин депутаты, жергиликтүү аялдар кеңешинин тѳрайымы Шайкүл Үмѳталиева да аялдар квотасы жѳнүндѳ мыйзам нормасы Саруу айылдык кеңешининде биринчи жолу ийгиликтүү ѳткѳрүлгѳнүн жана ушул норма анын депутат болушуна жардам бергенин айтты. Ал азыркы учурда ушул жерде аралыктан добуш берүү боюнча долбоор ишке киргизилип жаткандыгына ыраазы болуу менен долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына ийгиликтерди каалады.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>