Башкы Жаңылыктар Саруудагы аралыктан добуш берүү: Бишкектеги саруулуктардын тизмеси такталып …

Саруудагы аралыктан добуш берүү: Бишкектеги саруулуктардын тизмеси такталып жатат

15-Сен, 2023

2023-жылдын 8-октябрында Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болот.

«Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы жарлыгын аткарууда КР БШК Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жѳнүндѳ чечим кабыл алган.

Аралыкта добуш берүү Саруу айыл аймагынын шайлоочуларынын тизмесине киргизилген, бирок убактылуу жок болгондугуна байланыштуу туруктуу катталаган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок жана аралыкта добуш берүүгѳ катышуу тууралуу арыз берген жарандардын добуш берүүгѳ жетүүсүн касыз кылуу үчүн арналган.

Пилоттук режимде аралыктан добуш берүүнү даярдоонун алкагында Саруу айыл аймагынын кызматкерлери жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү Саруу айылынын шайлоочуларынын тизмесин тактоо боюнча биргелешкен ишти жүргүзүштү.

Жүргүзүлгѳн иштин натыйжасы боюнча Саруу айыл аймагында 175 шайлоочу Бишкек шаарында, 29 шайлоочу Кыргызстандын башка аймактарында, 59 шайлоочу чет ѳлкѳлѳрдѳ убактылуу жашап жатканы жана жүрүшкѳнү белгилүү болду.

Аралыктан добуш берүү үчүн КР БШКнын имаратында: Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50 дареги боюнча аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасы түзүлгѳн.
 

Урматтуу Саруу айыл аймагынын тургундары!
 

КР БШК Бишкек шаарында жүрүшкѳн Саруу айыл аймагынын тургундарын 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүгѳ акивдүү катышууга чакырат.

Аралыктан добуш берүүгѳ катышуу үчүн шайлоочу 2023-жылдын 23-сентябрына чейин арыз берүүсү зарыл:

- шайлоо ѳткѳрүлүүчү жердеги шайлоо комиссиясына;

- КР БШКнын имаратындагы аралыктагы участка жайгашкан жер боюнча аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасына;

- «Тизме» (tizme.gov.kg) шайлоо порталындагы электрондук «Шайлоочунун кабинети» (voter-cabinet.srs.kg) аркылуу.

Бардык суроолорду 1255 телефону боюнча тактап алса болот.

Ошондой эле тѳмѳндѳгү телефондор боюнча консультация алса болот:

+996 312 660240;

+996505 805809 (whatsapp Руслан); +996555 261 292 (whatsapp Асель);

Сиз электрондук почтага жазсаңыз да болот document2@shailoo.gov.kg, биз сѳзсүз Сиз менен байланышабыз.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>