Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларында добуштарды кол менен эсептѳѳ аяктаганын маалымдайт.
Азыркы учурда 51 шайлоо участкаларынан бардык шайлоо документтери (протоколдор, идентификациялоо чектеринин кѳчүрмѳлѳрү жана АЭУ чектеринин кѳчүрмѳлѳрү, бюллетендер ж.б.) Ленин ОШКга берилди.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча протоколдордун маалыматтарын ИИСге киргизүү аяктады жана ИИСтин сайтына https://newess.shailoo.gov.kg/, http://protocol.shailoo.gov.kg шилтемеси боюнча жарыяланды
