Башкы Жаңылыктар 2023-жылдын 10-сентябрында өткөн No 26 Ленин бир мандаттуу …

2023-жылдын 10-сентябрында өткөн No 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо автоматташтырылган эсептөө урналары чыгарган добуштардын алдын ала жыйынтыгы - 20.30  маалыматы боюнча

10-Сен, 2023

No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо боюнча добуш берүү аяктады. Ленин шайлоо округу боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 127 239 шайлоочу киргизилген. Анын ичинен 20169 шайлоочу же пайыздык ченем менен 15,85% добуш берүүгө катышты.

Шайлоого катышуу ниетин билдирип 24 талапкер каттоодон өткөн. Саат 20:23ке карата 51 (же 100%) шайлоо участогунан автоматташтырылган эсептөочү урналарынан маалыматтар келип түштү.

Белгилей кетсек ал маалыматтар шайлоонун алдын ала жыйынтыгы болуп эсептелет. Бардык шайлоо участкаларында добуштарды милдеттүү түрдө кол менен эсептөө уланууда. Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөө аяктагандан кийин чыгарылат. Автоматташтырылган эсептөөчү урналардан келген маалыматтар боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктары төмөнкүдөй:

Шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулардын саны

127 239

 

Бюллетень алган шайлоочулардын жалпы саны

20169

15,85%

Жарактуу бюллетендердин саны

20045

 

Жараксыз бюллетендердин саны

124

 

Талапкерлер алган добуштарынын саны

 

 

  1. Искаков Эртай Дуйшобекович

881

4,37%

  1. Искендеров Жеенбек Урудинович

40

0,20%

  1. (каттодон баш тарткан)

 

 

  1. Ажыбеков Руслан Ажыбекович

286

1,42%

  1. Кадыралиева Ыргал Кармышаковна

474

2,35%

  1. Мамаев Сулайман

38

0,19%

  1. Шаршембиев Бакыт Нурджанович

457

2,27%

  1. Рысалиев Бактыбек Коржубаевич

74

0,37%

  1. Какчекеев Токтогул

119

0,59%

  1. Тагаев Русланбек Таштанбекович

3831

18,99%

  1. Аттокур уулу Илимбек

787

3,90%

  1. Кермалиев Таалайбек Женишович

535

2,65%

  1. Эсенаманов Мурат Кубанович

357

1,77%

  1. Булекбаев Эркин Касымович

52

0,26%

  1. Мамытов Токтокучук Болотбекович

641

3,18%

  1. Ырсалиев Жамалбек Самарбекович

1754

8,70%

  1. Аднаева Нургул Мажитовна

370

1,83%

  1. Алмаз уулу Аскар

2630

13,04%

  1. Капаров Чынгыз Капарович

316

1,57%

  1. Сооронбаева Нургуль Момуновна

105

0,52%

  1. Исмаилова Карачач Джумаевна

35

0,17%

  1. Саралаева Лейла Маратовна

211

1,05%

  1. Субанов Айбек Манасбекович

127

0,63%

  1. Бакир уулу Турсунбай

82

0,41%

  1. Самаков Кубанычбек Карганбекович

5273

26,14%

Баарына каршы

570

2,83%

 

Ар бир шайлоо участогу тууралуу Маалыматтык шайлоо системасы аркылуу https://newess.shailoo.gov.kg/ толук маалымат алууга болот.

 

КР БШКнын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>