Өлкѳнүн жетекчилиги Ленин округунан парламенттин депутатын шайлоодо добуш беришти
Өлкѳнүн жетекчилиги Ленин округунан парламенттин депутатын шайлоодо добуш беришти
10 сентября 2023
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова менен бирге № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо парламенттин спикери Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин тѳрагасынын орун басары – Улуттук коопсуз мамлекеттик комитетинин тѳрагасы Камчыбек Ташиев жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров добуш беришти.
Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо 16:00 саатта шайлоочулардын келүүсү 10,04% түздү, бардыгы болуп 12 774 адам добуш берли.
Шайлоо участкасынын дарегин тѳмѳндѳгүдѳн билсе болот:
- 1255 же 119 номерлерине чалуу менен;
- ПИН – паспорттогу жеке идентифтикациялык номерди кѳрсѳтүү менен 119 номерине СМС жѳнѳтүү аркылуу;