Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 18-августунда саат 10:00дө КР БШК имаратында 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышып жаткан депутаттыкка талапкерлер жана алардын ѳкүлдѳрү үчүн окуу ѳткѳрѳт.
Окуунун катышуучулары тѳмѳндѳгү маселелер боюнча маалымат алышат:
- № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун ѳзгѳчѳлүктөрү;
- шайлоо процессиндеги ачык-айкындык жана аныктык технологиялары;
- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби;
- шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун эрежелери.
Окутуу маселелери боюнча тѳмѳндѳгү байланыш телефондоруна кайрылыңыз: (0312) 66-01-16; 66-02-40.