АНОНС: 2023-жылдын 18-августунда 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуучу депутаттыкка талапкерлердин жана алардын ѳкүлдѳрүнүн окуусу болот.

12 августа 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 18-августунда  саат 10:00дө КР БШК имаратында 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышып жаткан депутаттыкка талапкерлер жана алардын ѳкүлдѳрү үчүн окуу ѳткѳрѳт.

           Окуунун катышуучулары тѳмѳндѳгү маселелер боюнча маалымат алышат:

  • № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун ѳзгѳчѳлүктөрү;
  • шайлоо процессиндеги ачык-айкындык жана аныктык технологиялары;
  • шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби;
  • шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун эрежелери.

Окутуу маселелери боюнча тѳмѳндѳгү байланыш телефондоруна кайрылыңыз: (0312) 66-01-16; 66-02-40.