Башкы Жаңылыктар КР БШК Б.Керимбековдун кайрылуулары боюнча талаптарын канаатандыруудан баш …

КР БШК Б.Керимбековдун кайрылуулары боюнча талаптарын канаатандыруудан баш тартты

06-Авг, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 28-июлундагы кир.№к-31 жана 2023-жылдын 29-июлундагы кир.№к-32 Керимбеков Бакыт Макеновичтин кайрылуулары келип түшкѳн.

Өзүнүн кайрылууларында Б.М. Керимбеков тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт:

1. «№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары

2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган «№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышууга макулдугумду берем. Мени № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого кѳрсѳтүүнү ѳтүнѳм, анткени мен мурда катталган талапкер болгом»;

2. «Шайлоо күрѳѳсү кайтарылып берилген эмес жана Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде турат.»;

3. «Жаңы талапкерлерди кѳрсѳтүү жокко чыгарылсын, анткени бул шайлоо мыйзамдарына каршы келет жана анын шайлануу укугун бузат».

1) «№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын

29-мартындагы ПЖ №70 Жарлыгы менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган жана өткөрүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 16-июнундагы № 58 токтому менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылган.

Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Эгерде шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылган, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер, саясий партия шайланбай калган учурда, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо, башка аракеттер, анын ичинде шайлоо боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн аныктоо, ушул конституциялык Мыйзамда жана Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларында каралган тартипте жүзөгө ашырылат».

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 12-июлундагы №64 токтому менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамдын 601 – беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык «Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүргүзүлөт. Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт».

Талапкер конституциялык мыйзамда белгиленген кѳрсѳтүү тартибин сактаганда жана конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөң документтерди бергенде кайра шайлоого катышуу үчүн катталат.

Ушуга байланыштуу, Б.М. Керимбековдун макулдугунун жана аны шайлоого кѳрсѳтүү ѳтүнүчүнүн негизинде кайра шайлоого талапкер катары каттоо талабы канаатандырылууга жатпайт.

Конституциялык мыйзамдын жогоруда кѳрсѳтүлгѳн беренесинин

7-бѳлүгүнүн 1-пунктуна ылайык «талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөөсү» катттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

2) Конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 16-бѳлүгүнүн 1 жана

4-пункттарына ылайык «эгерде шайлоо өткөн жок же жараксыз деп таанылса» шайлоо күрѳѳсү талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳткѳн саясий партияларга кайтарылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 16-июнундагы №128 чечими менен талапкерлерге кайтарылып берилүүгѳ жаткан шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы жана бюджетке чегерилүүгѳ жаткан суммасы аныкталган.

Аталган чечимдин 3-пунктуна ылайык 2023-жылдын 30-июнундагы №17712 тѳлѳм тапшырыгы менен 100 миң сом ѳлчѳмүндѳгү тѳгүлгѳн шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы Б.М. Керимбековго кайтарылып берилген.

 

3) Б.М. Керимбековдун жаны талапкерлердин көрсөтүлүүсүн жокко чыгаруу боюнча талабына Борбордук шайлоо комиссиясы белгилейт, конституциялык мыйзамдын 38-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ, 59-беренесинин

7-бѳлүгүндѳ, 61-беренесинин 7-бѳлүгүндѳ, 65-беренесинин 6-бѳлүгүндѳ белгиленген учурларды кошпогондо, кайра шайлоого кѳрсѳтүлүүгѳ ниети бар жаңы талапкерлер үчүн чектѳѳ каралган эмес.

Баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылды: Б.М. Керимбековдун 2023-жылдын 28-июлундагы кир.№к-31 жана 2023-жылдын 29-июлунда кир.№к-32 кайрылуулары боюнча талаптарын канаатандыруудан баш тартылсын.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>