Башкы Жаңылыктар КР БШК Ж. Абировду № 26 Ленин бир …

КР БШК Ж. Абировду № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты

02-Авг, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-августагы жыйынында Жаныбек Абировду № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.

Чечим КР БШКнын жумушчу тобунун сунуштамасынын негизинде кабыл алынды.

Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү белгиледи:

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен дайындалган VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 826 токтому менен Ж.Б. Абиров №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылган жана VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.

2023-жылдын 27-мартында Жогорку Кеңештин депутаты Ж.Б. Абиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арыз берген.

Ошол эле учурда Ж.Б. Абиров өзүнүн арызын социалдык тармактагы баракчасында “болуп ѳткѳн окуядан кийин депутаттык кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок” экендиги менен негиздеди Ж.Б. Абировдун келип түшкөн арызынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиянын 2021-жылдын 27-мартындагы №23 токтому менен VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Б. Абировдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын 27-мартындагы № 70 Жарлыгы менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 65-беренелерин жетекчиликке алуу менен» мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Конституциялык Мыйзамдын 59-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык (депутаттын бошогон мандатын берүүнү жѳнгѳ салган): «Тийиштүү шайлоо округдарында чыгып кеткендердин ордуна бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт».

Өз каалоосу боюнча КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Ж.Б. Абировдун арызынын негизинде ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтүнѳн - ушул округ боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда мурда токтотулушу, бул шайлоо округу боюнча 7-чакырылыштагы КР ЖК депутатынын чыгып кетиши жана бошогон мандаттын жаралышы шайлоону өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 7-бөлүгүнүн, 65-беренесинин 6-бөлүгүнүн маанисине жана мазмунуна ылайык, Ленин округу боюнча 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутатынын ордуна ушул округдагы 7-чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктарынын калган конституциялык мөөнөтүнө мөөнөтүнөн мурда жана андан кийин кайра шайлоо өткөрүлөт.

Жумушчу топ арызды карап чыгып, конституциялык Мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн жоболоруна таянуу менен Ж.Б. Абиров өз каалоосу менен ушул округ боюнча ушул чакырылыштагы депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон, Ленин шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «чыгып кеткен» депутаты болуп саналат деген корутундуга келет.

Ушуга байланыштуу, жумушчу топ Ж.Б. Абировдун № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуусу укукка сыйбайт, мыйзамдарга карама каршы болот деген жыйынтыкка келет, анткени Ж.Б. Абировдун аракеттеринин натыйжасында – ѳз каалоосу боюнча 7-чакырылыштагы КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткондугуна байланыштуу, жаран Ж.Б. Абиров чыгып кеткен депутат Ж.Б. Абировдун ордуна 7-чакырылыштагы депутаттын ыйгарым укуктарынын калган конституциялык мѳѳнѳтүнѳ дайындалган жана ѳткѳрүлѳ турган Ленин округу боюнча 7-чакырылыштагы КР ЖК депутатын шайлоого кѳрсѳтүлѳп жатат.

Конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, «ушул конституциялык Мыйзамда каралган көрсөтүү тартибин сактабоо» каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

Конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 5-бөлүгүндө «Жарандар шайлоо жана шайлануу укуктарын ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды эске алуу менен ишке ашырышат» деп белгиленген.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38, 59, 61, 65-беренелерин, КР БШКнын 2023-жылдын 27-мартындагы № 23 токтомун, КР Президенти С.Н.Жапаровдун 2023-жылдын 29-мартындагы №370 Жарлыгын, “ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуунун жана текшерүүнүн тартиби жѳнүндѳ” жобону жетекчиликке алып, ушулардын негизинде КР БШК Абировдон № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого талапкер катары документтерин кабыл алуудан жана аны каттоодон баш тартты.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>