Башкы Жаңылыктар 2023-жылдын 23-июлуна чейин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо …

2023-жылдын 23-июлуна чейин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоодо ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредатциялоо

17-Июл, 2023

 Урматтуу малпыга маалымдоо каражаттарынын жана интенет-басылмалардын ѳкүлдѳрү!

КР БШКда 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин  депутатын кайра шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредатциялоо боюнча арыздарды кабыл алуу жүргүзүлүүдѳ.

 Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жарандарды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү ѳзүнѳ камтыйт жана  жарандардын эркин жана аң-сезимдүү ѳз эркин билдирүүгѳ, шайлоонун ачык-айкындыгына кѳмѳктѳшүүгѳ чакырылган.

 КР  БШК жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар КР БШКга эфир убактысын, басылма аянтчаларын берүү үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү жана башка шарттары же интернет-басылмада жарыялоо укуктары жѳнүндѳ маалыматтарды  мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону дайындоо жѳнүндѳ чечим расмий жарыяланган күндѳн, б.а. 2023-жылдын 23-июлун кошуп алгандан тартып, 13 календардык күндѳн кеч эмес берүүгѳ тийиш экендигин эске салат. 

 Мында теле кѳрсѳтүү же басылма аянтчалар үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн шайлоону дайындоо күнүнѳ чейин 6 айда алынып келген баадан ашпоого тийиш.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мѳѳнѳттѳ, 2023-жылдын 23-июлунун кошуп алганга чеийн БШКга тѳмѳндѳгү документтерди берүүгѳ тийиш:

- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ катышууга даяр экендиги жѳнүндѳ билдирме,  жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын жетекчисиинин ФАА, координаттарын жана байланыш даректерин кѳрсѳтүү зарыл;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жѳнүндѳ күбѳлүктүн кѳчүрмѳсүн;

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жѳнүндѳ күбѳлүгүнүн же жеке ишкердин (интернет-басылмалар үчүн)  салык органдарында каттоо жѳнүндѳ күбѳлүгүнүн (патенет) кѳчүрмѳсүн;

- маалымат жана жалпыга маалымдоо коммуникация чѳйрѳсүндѳ ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан  иш жүргүзүүгѳ уруксат берген документтеринин кѳчүрмѳсүн;

- уставынын (эгер болсо)  кѳчүрмѳсүн;

- эфир убактысын, басылма аянтчаларын берүү үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү жана башка шарттары же интернет-басылмада жарыялоо укуктары жѳнүндѳ күбѳлѳндүрүлгѳн маалыматтарды.

 Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар ошондой эле билдирмеде камтылган жогоруда кѳрсѳтүлгѳн документтерди КР БШКнын маалымат бѳлүмүнүн электрондук почтасына pr.shailoo@gmail.com жѳнѳтѳт.

 2023-жылдын 28-майында дайындалган  №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын   шайлоодо мурда  аккредитациядан ѳтүшкѳн  ЖМК жана интернет-басылмалар  кайра шайлоодо үгүт жүргүзүү процессине катышуусу үчүн, ЖМК жана акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү бѳлүгүндѳ ѳзгѳртүүлѳр жок болгон учурда, мурда берилген пакеттин негизинде аккредитациялоо маселесин кароону кѳрсѳтүү менен БШКга арызын жѳнѳтсѳ боло тургандыгын эске салабыз.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>