2023-жылдын 12-июлунда КР БШК жыйынында 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы бекитилди.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планынын негизги этаптары:
• 2023-жылдын 25-июлуна чейин шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү;
• 2023-жылдын 21-августуна чейин шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү;
• 2023-жылдын 25-июлунан 30-августун кошуп алганда шайлоочулардын тизмесиндеги мүчүлүштѳр жана так эместиктер, кирбей калуулар тууралуу(шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ) шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу;
• 2023-жылдын 5-сентябрына чейин шайлоочулардын биротоло тизмесин илүү;
• 2023-жылдын 10-августунга чейин (кошуп алганда) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү;
• 2023-жылдын 21-августуна чейин КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо;
• 2023-жылдын 21-августунан 9-сентябрынын 08:00 саатына чейин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү ѳткѳрүү;
• 2023-жылдын 9-сентябрынын 8:00 саатынан 20:00 саатына чейин добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүүнү ѳткѳрүү;
• 2023-жылдын 10-сентябрынын 08:00 саатынан 20:00 саатына чейин добуш берүү күнү
• 2023-жылдын 24-сентябрына чейин натыйжаларды белгилѳѳ.
КР БШК маалымат бѳлүмү