Ысык-Кѳл электоралдык форумуна 10дон ашык ѳлкѳ жана бир катар эл аралык уюмдар катышты

26 июня 2023

2023-жылдын 23-июнунда Чолпон-Ата шаарында “XXI кылымдын шайлоолору: ар түрдүүлүк, мыкты практикалар, актуалдуу маселелер жана ѳнүгүү жолдору” Ысык-Кѳл электоралдык форуму ийгиликтүү аяктады.

Форумдун ишинин экинчи күнүнүн башкы темасы мыкты практикаларды талкуулоо болду, анын алкагында форумдун катышуучулары- шайлоо органдарынын башчылары жана ѳкүлдѳрү тажрыйба аламашып, жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралары тууралуу баяндап беришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, КМШ Башкы катчысы Сергей Лебедев, Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысы-Катчылыктын жетекчиси Дмитрий Кобицкий жана Бишкек шаарындагы ОБСЕ Программалык офисинин башчысы Алексей Рогов форумдун катышуучуларын куттуктап сѳз сүйлѳштү.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров ѳзүнүн онлайн-чыгып сүйлѳѳсүндѳ «Ысык-Кѳл электоралдык форуму пикир алышуунун, шайлоо процессин жакшыртуу, жаңы прогрессивдүү идеяларды жана бардык ѳлкѳлѳрдүн шайлоо органдарынын алдында турган чакырыктарды чечүүнүн инновациялык жолдорун иштеп чыгууну талкуулоо боюнча аянтча болорун белгиледи.

Бүгүнкү электоралдык форум достук мамилерлерди жана ѳз ара кызматташууну андан ары ѳнүктүрүү сыяктуу эле, жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруунун шарттарын ѳнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктѳрдү ачып берүүдѳ ѳзгѳчѳ маанилүү».

КМШдан байкоочулар миссиясынын ишин камсыз кылуу боюнча бѳлүмдүн башчысы Е.В. Козяк жарыя кылган КМШ Башкы катчысы С.Н. Лебедевдин куттуктоо сѳзүндѳ транспаренттик демократиялуу шайлоону ѳткѳрүү туруктуу жарандык коомдун жана мамлекеттин туруктуу ѳнүгүүсүнүн негизин түзѳрүн белгиледи.

КМШ Башкы катчысы ѳзүнүн кайрылуусунда “Байкоо жүргүзүүнүн натыйжасы КМШ айдыңында шайлоо чѳйрѳсүнүн ѳнүгүү динамикасын талдоого жана баа берүүгѳ мүмкүнчүлүк берерин” баса белгиледи.

Шайлоо процесси бир орунда туруп калбайт, ал дайыма ѳркүндѳтүлүп, жаңы формага жана элементтерге ээ болуп турат. Форумдун катышуучуларынын сѳздѳрү жана алардын пикирлери КМШ айдыңында электоралдык процесстерди андан ары ѳнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берет деген пикирин билдирди.

Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысы-Катчылыктын жетекчиси Д.А. Кобицкий «Кыргыз Республикасы Кѳз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан калган мамлекеттер менен ѳз ара аракетте шайлоо жана ренферендум ѳткѳрүү чѳйрѳсүндѳ мыкты практикаларды түзүүнүн жана ишке киргизүүнүн дүйнѳлүк борборуна айланып жатканынын” белгиледи.

Ысык-Кѳл элкторалдык форуму шайлоо системасын ѳнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, шайлоолорду жана референдумдарды тескѳѳнүнүн жагдайларын, аларга байкоо жүргүзүүнүн актуалдуу маселелеринин талкуулоо түчүн, ошондой эле коомдук-саясий ѳнүгүүнүн, жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруунун кѳйгѳйлѳрү боюнча чечимдерди иштеп чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Бишкек шаарындагы ОБСЕ Программалык офисинин башчысы А.А. Рогов ушундай ѳкүлчүлүктүү жана абройлуу Ысык-Кѳл электоралдык форумунда чыгып сүйлѳѳ мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мындай аянтчалардын канчалык маанилүү экендигине ишенгендигин билдирди. Бай улуттук жана эл аралык тажрыйба, ушул форумдун катышуучулары жасап жаткан практика жана ноу-хау ѳткѳндүн ийгиликтерине баа берип, сабак алууга мүмкүнчүлүк түзүп, мыкты тажрыйбаларды билип, алдыдагы чакырыктарды талдоо менен аларды чечүүнүн жолдорун талкуулап, ошондой эле шайлоо процесстерин андан ары консолидациялоо менен шайлоо институтуна шайлоочулардын ишенимин бекемдѳѳгѳ мүмүкүнчүлүк берет.

Андан ары чет ѳлкѳлѳрдүн шайлоо органдарынын жана эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү шайлоо мыйзамдары , мыкты тажрыйбалар боюнча пикир алышты.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин тѳрагасы Ахмет Йенер “ѳз ѳлкѳбүздѳ ар бирибизде шайлоо системасы айрымаланып турса дагы, шайлоо участкаларында элдин ѳз мүдѳѳсүн эркин жана адилетүү билдирүүсүн камсыз кылуу жана шайлоону ѳткѳрүүдѳ ишенимди бекемдѳѳгѳ кѳмѳктѳшкѳн айкындыкты айгинелѳѳ ар бирибиздин милдетибиз болуп санала тургандыгын” белгиледи.

Ахмет Йенер бардык катышуучуларды куттуктоо менен маңыздуу пикирлер баяндалып жаткан ушундай платформаны түзүүгѳ ѳз салымын кошкондорго ыраазычылык билдирди.

КР БШК тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин тѳрагасы Ахмет Йенерди Түркияда маанилүү президенттик шайлоону ийгиликтүү уюштуруп ѳткѳргѳндүгү менен куттуктады.

 

 

Армения БШК тѳрагасы В.М. Овакимян ушул форумга катышып жаткандыгына ыраачылык билдирүү менен катышып жаткандардын баардыгын демократиялык баалуулуктар жана шайлоо процессине берилгендик бириктирип турарын белгиледи.

Ар бир ѳлкѳнүн шайлоо системасы жарандардын мүдѳѳсү эске алынып, алардын тандоосу демократиялык коомдун түпкүлүктүү негизи болуп саналарын белгиледи.

Овакимян В.М. азыркы учурда Армениянын БШК беш жылдык мѳѳнѳткѳ ѳнүгүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгып жатканын, качан гана ал бекилгенде ѳнүгүүнүн даяр планы жана конкреттүү аракеттер менен бѳлүшүүгѳ даяр экендигин билдирди.

Казакстан БШК тѳрагасы Н.М. Абдиров Казакстандын шайлоо органдары быйыл ѳздѳрүнүн 30 жылдыгын белгилеп жаткандыгын билдирди. Казакстанда электоралдык айдыңдын сапаттуу кеңеүү процесси башталды. Биринчи жолу 2021-жылдын июль айынан тартып жума сайын ѳлкѳнүн ар кайсы аймактарында айыл акимдерин тике шайлоолор ѳткѳрүлүүдѳ.

Коомдук суроо-талапты эске алуу менен улуттук мыйзамдарды ѳркүндѳтүү маселеси саясий процесстерге жарандардын катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктү кеңейтүү менен байланыштырлууда.

Ошондуктан шайлоо мыйзамдарынын мына ушул жагдайы кыйла олуттуу ѳзгѳрүүлѳргѳ тушукту.

Алардын негизгилери:

- Парламенттин Мажилисинде Казакстан элдеринин Ассамблеясынын квотасы жоюлду;

- ѳлкѳнүн ѳкүлчүлүктүү органдарына партиялардын ѳтүү босогосу 7ден 5% тѳмѳндѳдү;

- жашатар жана аялдар үчүн каралган 30 пайыздык квота Парламенттин Мажилисине шайлоодо майыптыгы бар адамдарды да кошуу менен кеңейтилди. Мурда мындай норма партиялардын тизмесин түзүүдѳ гана колдонулуп келген, азыр ал депутаттык манадаттарды бѳлүштүрүүдѳ да милдеттүү болуп саналат;

- бир мандаттуу аймактык шайлоо округудары боюнча шайланган Мажилистин жана маслихаттын депутаттарынын мандатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү жѳнүндѳ норма күчүнѳ кирди. Императивдүү мандат депутаттардын ѳздѳрүнүн убадалары жана чечимдери, аракеттери жана жосундары үчүн жоопкерчиликти кѳтѳрүүгѳ чакырылган.

Казакстан БШКнын алдында үч диалог аянтчасы иштейт:

  1. КР БШКнын алдындагы эксперттик кеңеш – шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн аналитикалык платформа;
  2. Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча жумушчу топ;
  3. Жаш шайлоочунун клубу.

Россия БШК тѳрагасы Э. Панфилованын куттуктоо сѳзүн РФ БШК мүчѳсү Э.А. Хаймурзина окуп берди, кайрылуусунда ал ѳз учурундагы жана керектүү демилгеси үчүн КР БШКга ыраазычылык билдирди. “Бүгүн баарыбыздын алдыбызда турган чакырыктарга жооп катары пикирлерди билдирип, жалпы кѳйгѳйлүү айдыңды ачып кѳрсѳтүп, биргелешкен аракеттерди издеп табуу зарыл”.

 

Э.А. Хаймурзина бүгүнкү шайлоолордон бошогон, эркин жагдайда азыркы чакырыктарды жана колдонулуп жаткан практикаларды талкуулоо зарылдыгы бышып жетилгенин белгиледи, ошондуктан электоралдык форум ѳз учсурунда ѳтүүдѳ.

Ал Россия Федерациясынын шайлоо мыйзамдарынын ѳзгѳчѳлүктѳрү менен ой бѳлүштү:

  1. мѳѳнѳтүнѳн мурда, кайра жана кошумча шайлоолорду ѳткѳрүү мѳѳнѳтү бирдиктьүү добуш берүү күнүнѳ гана (сентябрдын экинчи жекшембиси) белгиленген;
  2. айматык шайлоолорду ѳткѳрүүдѳ эксаймактык участкаларды түзүү мүмкүнчүлүгү жаралды;
  3. ѳзүнүн шайлоо участкаларынан сырткары муктаждап кармоо жерлеринде жаткан шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу мүмкүнчүлүгү жаралды;
  4. электрондук түрдѳ үйдѳн добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин жана реестрин даярдоо мүмкүнчүлүгү каралады;
  5. “Мобилдүү шайлоочу” механизми киргизилгендигине байланыштуу чыгарып берүү күбѳлүгү менен добуш берүү жокко чыгарылды.

Эгерде 2017-жылы “Мобилдүү шайлоочу” мобилдик тиркемесин 132 миң шайлоочу пайдаланса, 2021-жылы бул сан 3,5 млн. шайлоочуга жетти.

Тургундардын маданий-укуктук деңгээлин жогорулатуу, маалымдуулуктун деңгээлин кѳтѳрүү максатында 2023-жылы “Мобилдүү УШК” тиркемеси-пилоттук долбоор ишке киргизилип жатат.

Беларусия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Е.А. Балдовская ѳзүнүн куттуктоосунда баарлашуу үчүн ушундай аянтчаны түзүп бергени үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, шайлоо укугу жана процесси жаатында ѳркүндѳтүүгѳ байлангыщкан ѳзүнүн тажрыйбасын бѳлүштү.

  • Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотунун тѳрагасы, Өзбекстан Республикасынын БШК экс-тѳрагасы Абдусаломов Өзбекстан Республикасындагы конституциялык реформанынын маңызына токтолду.

Буга чейин, 1992-жылдан тартып конституцияга 15 жолу түзѳтүү киргизилген. Бул жолу ѳзгѳртүүлѳрдүн масштабдуулугуна байланыштуу джокументтин жаңы редакциясы кабыл алынды. Жаңылануунун натыйжасында адам укугу жана эркиндиги жѳнүндѳ жоболор үч жарым эсеге жаңыланды. Өзбекстандын конституциясы жарандардын шайлоо жана шайлануу укуктарын кыйла кеңири камсыз кылууга багытталган жаңы беренелер менен байытылып, улуттук шайлоо системасы андан ары ѳркүндѳтүлдү.

Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын аткаруу аппаратынын башчысы, комиссар Баяндуурен Дугардорж жакында эле шайлоо мыйзамдарына киргизилген ѳзгѳртүүлѳр жѳнүндѳ жаңылык менен бѳлүштү.

Монголияда туруктуу борбордук шайлоо органынын түзүлгѳн учурунан бери отуз бир жыл жана шайлоо системасы автоматташтырылган учурдан бери 11 жыл ѳттү. 30 жылдын аралыгында Монголиянын БШК ѳлкѳ боюнча ар түрдүү деңгээлдеги 35 шайлоону ийгиликтүү ѳткѳрүп келди.

Жакында эле Монголиянын парламенти бүткүл шайлоо системасынын укуктук чѳйрѳсүн кыйла жакшырткан шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарга түзѳтүүлѳрдү кабыл алды.

Биринчиден, Монголияда жаңы шайлоо системасы, башка сѳз менен айтканда аралаш шайлоо системасы киргизилди. Парламенттин мүчѳлѳрүнүн саны 76дан 126га кѳбѳйтүлдү. Бардык 126 депутаттын ичинен 78 депутат шайлоо округдары боюнча шайланса, 48 депутат саясий партиялардын жана коалициянын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланышат.

Экинчиден, турган жерлерине карабастан бардык жарандардын активдүү катышуусу, алардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу камсыз кылынды. Биринчи жолу шайлоочулардын тизмесине чет ѳлкѳлѳрдѳ жашашкан Монголиянын жарандарын киргизүү жол-жоболору мыйзамдар аркылуу бекемделди.

Үчүнчүдѳн, шайлоочуларга ыңгайлуу болуусу үчүн мѳѳнѳтүнѳн мурда/алдын ала добуш берүүгѳ уруксат берилди- шайлоочу зарылчылыкка жараша шайлоого чейин 7 күндүн аралыгында аддын ала добуш берүүгѳ укуктуу.

Туркмениянын делегациясынын атынан Туркменстан БШК тѳрагасынын орун басары А. Гандымов чыгып сүйлѳдү.

Туркменстанда бардык деңгээлде мамлекеттик иштерди башкарууга катышуу сыяктуу эле, жарандардын шайлоолорго катышуу укугун жана мамлекеттик бийлик органдарында шайланууга укугун, ѳлкѳнүн жана административдик- аймактык түзүлүшүн башкаруу иштерине катышуусун бирдей камсыз кылган укуктук система, демократиялык инстититуттар жана жол-жоболор түзүлгѳн.

Курамына Башкы катчынын орун басары Чой Кандже жана тренинг жана ачыктык департаментинин директорунун орун басары Тэрионг Ли кирген A-WEBдин делегациясы “Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнѳлүк ассаоциациясы – Шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү үчүн мүкүнчүлүктү күчтѳндүрүү платформасы” темасында бет ачар жасады.

A-WEB негизги милдеттери болуп тѳмѳндѳгүлѳр саналат:

-демократиялык маданиятты жайылтуу жана ѳнүктүрүү жана кеңири катышуу менен эркин, адилет, ачык шайлоолорду ѳткѳрүү үчүн шарттарды түзүү;

- шайлоону уюштуруунун таанылган эл аралык принциптерине ылайык келген шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды иштеп чыгууну кеңейтүү;

- шайлоолорду уюштуруу боюнча органдардын жана шайлоону ѳткѳрүүгѳ кызыктар тараптардын практикага, иликтѳѳлѳргѳ, технологияларга жана алардын ортосунда пикир алышууларга жетишүүсүн жеңилдетүү;

- ѳздѳрүнүн мандаттарын натыйжалуу аткарууну касыз кылуу үчүн шайлоолорду уюштуруу боюнча органдардын потенциалын жогорулатуунун программаларын колдоо жана жайылтуу.

КР БШК тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова шайлоо процессин ѳркүндѳтүүгѳ берген жардамы жана кѳмѳгү үчүн A-WEB делегациясына ѳзгѳчѳ ыраазычылык билдирди.

Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Е.С. Мукаш бул форум шайлоо укуктары чѳйрѳсүндѳ пикир алышуу үчүн маанилүү аянтча гана болбостон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын демократиялык пирнциптерге жана элдин ѳз эркин билдүү процессине бекем таянгандыгын чагылдырып турарын белгиледи. Ошондой эле ал бул шайлоо укуктары чѳйрѳсүндѳ тажрыйба жана билимдерди жана мыкты эл аралык шайлоо тажрыйбаларын алмашуу үчүн маанилүү аймактык аренага айларына ишенгендигин билдирди.

Кыргызстан «электоралдык процесстин кеңири ачыктыгына жана натыйжалуулугуна жетишүүгѳ багытталган реформаны ишке киргизүү маселесинде аймакта алгачкылардан» болгондугу белгиленди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Башкы катчысы Сюрейя Эр Мехмет шайлоолорго байкоо жүргүзүүдѳгү ТЮРКПАнын тажрыйбасы тууралуу ой бѳлүштү.

Шанхай кызматтыштык уюмунун Башкы катчысы Чжан Мин ѳзүнүн видеокайрылуусунда электоралдык форумду ѳткѳрүү идеясын колдогондугун билдрди. Өткѳн жылдарда ШОС катчылыгы байкоо жана кѳзѳмѳл жүргүзүү тажрыйбасын топтоду жана системага сала алды, ошондой эле тийиштүү практикалык аспекттердиии жалпылай алды. Ар түрдүү ѳлкѳлѳрдѳ шайлоо процессин демократизациялоо даана байкала баштагандыгын талдоо кѳрсѳтүүдѳ, мыйзамдар ѳркүндѳтүлүп жатат. Бул толук ѳлчѳмдѳ “ШОС тобунун” ѳлкѳлѳрүнүн жарандык аң-сезиминин жогорулагандыгын айгинелейт.

КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин катчылыгын жетекчисинин орун басары – КМШ МПА МИМРД директору И.И. Мушкет ѳзүнүн сүйлѳгѳн сѳзүндѳ «Шайлоого жана референдумга калыс эл аралык байкоо жүргүзүү институту» Шериктештик уюму ишке ашырган эл аралык байкоо жүргүзүү жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылууга, шайлоо процессине, аны мамлекеттик органдардын тескѳѳсүнѳ калыс баа берүүгѳ, ошону менен бирге КМШда демократияны жана интеграциялык процесстерди ѳнүктүрүүгѳ багытталгандыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системпасынын эл аралык фондунун директору К. Майсурадзе шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүүдѳ IFES ар дайым БШКнын туруктуу ѳнѳктѳшү болуп келгенин жана боло бере тургандыгын белгиледи. Кызматташуу жылдарында шайлоо мыйзамджарын ѳркүндѳтүү, жаштарды жана МБА маалымдоо жана алардын потенциалын жогорулатуу жаатында кѳп иштер аткарылды.

IFES БШК тарабынан прогрессивдүү пландарды жана инновациялык арактеттерди колдоп, андан ары кызматташууга даяр.

Кыргызстандагы «БУУ-Аялдар» түзүмү программасынын башчысы С. Джусаева аялдар лидерлигин алга жылдырууда программанын КР БШК менен кызаматташуу тажрыйбасына токтолду. Аялдардын потенциалын жогорулатуу боюнчна окутуу иш-чарасын ѳткѳрүү жѳнүндѳ маалымат берилди.

Чыгып сүйлѳѳдѳн кѳрүнгѳндѳй, катышкан бардык ѳлкѳлѳр мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын ѳркүндѳтүүнүн жана кайра түзүүнүн, шайлоо технологияларын ишке киргизүүнүн активдүү процессинде турушууда, анын башкы максаты эң негизиги конституциялык укуктун – шайлоо укугун жана шайлануу укугун жүзѳгѳ ашыруу үчүн эң мыкты шарттарды түзүү болуп саналат.

Форумдун бардык катышуучулары маалымат, тажрыйба, практика алмашуу, пикир алышуу жана ѳз ара аракеттенүү, катышкан ѳлкѳлѳрдүн бардык шайлоо органдарынын алдында турган мезгилдин чакырыктары боюнча чечимдердин инновациялык жолдорун табуу үчүн мындай аянтчанын зарылдыгын белгилешти.

Форумдун катышуучулары чыгып сүйлѳгѳн сѳздѳрдүн жана баяндамалардын ѳтѳ маңыздуулугун белгилешип, Ысык-Кѳл электоралдык форуму тажрыйба алмашуу боюнча туруктуу аянтча болоруна жана туруктуу негизде ѳткѳрүлүп турарына ишенгендиктерин билдришти.

Форумдун аянтчаларында айрым ѳлкѳлѳрдүн шайлоо органдарынын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары болду. Ошондой эле КМШ катышкан мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консултативдик кеңешинин ишин баштоо жана келечеги боюнча консультациялар ѳткѳрүлдү.

Форумдун жүрүшүндѳ бардык катышуучулар ЖМК аңгемелешүүлѳрү ѳткѳрүшүп, иш-чаранын мыкты уюштурулгандыгын белгилешти жана жылуу кабыл алууларга ыраазычылык билдиришти.

Пленардык жыйындын соңунда тегерек столдордун жыйынтыгы боюнча кѳпчүлүк сунуштар форумдун корутунду резолюциясында чагылдырылды.