Башкы Жаңылыктар Маалыматтык технологиялар шайлоо процессинде «бир шайлоочу – бир …

Маалыматтык технологиялар шайлоо процессинде «бир шайлоочу – бир добуш» принцибин жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылат

23-Июн, 2023

2023-жылдын 22-23-июнунда Чолпон-Ата шаарында «XXI кылымдын шайлоолору: ар түрдүүлүк, мыкты тажрыйбалар, актуалдуу маселелер жана ѳнүгүү жолдору» боюнча биринчи Ысык-Кѳл электроалдык форуму болуп ѳттү.

Форумдун аянтчасында эки тегерек стол ѳткѳрүлдү:

1) «Аныктыктын жана айкындыктын технологиясы», «Жарандык платформа» коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова модератор болду.

КР санариптик ѳнүктүрүү министриинин орун басары И. Шаршенова шайлоо процессине санариптештирүүнүн тийигизген таасири жѳнүндѳ айтып берди.

Мамбеталиева Татту, «Интернет саясат жарандык демилгеси» КФ директору форумдун катышуучуларын КР Санариптик кодексинин долбоору менен тааныштырды, аны презентациялоонун жүрүшүндѳ ал БУУнун кѳпчүлүк мүчѳлѳрүнүн жаактыруусуна жана колдонуусуна ээ болгон. Өзүнүн сѳзүндѳ шайлоону жана референдумду ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ жеке маалыматтарды коргоого жана коопсуздугуна ѳзгѳчѳ кѳңүл бурду.

Георгий Сантуриани, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын юридикалык бѳлүмүнүн башчысы шайлоо процессинде шайлоо технологияларын колдонууда шайлоо администрациясынын тажрыйбасы жѳнүндѳ баяндады. Ал ѳзүнүн ѳлкѳсүндѳ шайлоочулардын добуштарын электрондук эсептѳѳ системасын этап боюнча киргизүү жѳнүндѳ айтып берди.

Тегерек столдун жүрүшүндѳ КМШ МПА МИМРД шайлоолорду талдоо жана мониторинг бѳлүмүнүн начальниги Роман Амбурцев электрондук добуш берүүнүн технологияларын колдонуунун дүйнѳлүк тажрыйбасы жана чакырыктары жѳнүндѳ баяндады. Анын пикири боюнча, электрондук добуш берүүнүн технологияларын ишке киргизүү жана колдонуу маселелери ички саясий күрѳштүн чѳйрѳсүнѳ айланып жатат.

Шайлоочулардын ишеними үчүн санариптик билимдин мааниси жѳнүндѳ кѳз карандысыз IT-эксперт Тимур Мон айтып берди.

Ошондой эле тегерек столдо “Инфоком” МИ жана “Инфоком” МИ жетекчилери чыгып сүйлѳштү, алар «Түндүк» электрондук ѳз ара аракеттенүү системасы жѳнүндѳ, аны шайлоо процессинде колдонуу, ошондой эле калкты биометрикалык каттоонун методикасы тууралуу айтып беришти.

Тегерек столдун катышуучулары IT-продуктылары биздин турмушубуздун ажырагыз бѳлүгү болуп саналарын белгилешти. Шайлоо процессинде маалыматтык технологияларды колдонуу «бир шайлоочу-бир добуш» принцибин жүзѳгѳ ашырууну, добуш берүү жол-жоболорунун аныктыгын жана айкындыгын жана добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилѳѳнү, жарандардын шайлоого болгон ишенимин жогрулатууну камсыз кылыт. Катышуучулар технологияларды колдонуунун чакырыктарын, атап айтканда электрондук добуш берүүнүн жана технологиялардын потенциалдык мүмкүнчүлүктѳрүн талкуулашты.

Ошондой эле санариптик билим жана санариптик компетенция жарандардын укуктук маданиятын ѳркүндѳтүүнүн актуалдуу уландысы болуп саналары белгиленди.

2) Форумдун аянтчасында ошщондой эле «Жаштар жана шайлоо» деген тегерек стол ѳткѳрүлдү. Ысык-Кѳл элоктроалдык форумдун алкагында ѳтүп жаткан Ысык-Кѳл эл аралык элоктроалдык мектебинин угуучулары аталган тегерек столдун иш-чараларына чакырылган. Бишкек филиалынын директору Исламбек Мурсабеков модератор болду.

Тегерек столдо КР БШК мүчѳсү Узарбек Жылкыбаев, КМШ МПА МИМРД Баку филиалынын директору Рамин Рзаев, КМШ МПА МИМРД эксперттери Роман Ромашов жана Юлия Дубровина, IDEA Central Asia аткаруучу директору Русланова Айзат , БГУ студенттери Сайкал Салават жана Медина Самидинова чыгып сүйлѳштү.

Тегерек столдун жыйынтыктары боюнча катышуучулар шайлоо процессинде жаштарды активдештирүүнүн зарылдыктары, укуктук маданиятты жогорулатуу жѳнүндѳ, КМШ алкагында жаштардын электроалдык мектебин ѳткѳрүү практикасын киргизүү тууралуу пикирлерин айтышты, ошондой эле алардын айрым сунуштары Форумдун корутунду резолюциясында чагылдырылды.


 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>