Башкы Жаңылыктар Ысык-Кѳл электроалдык форумунда шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүү, …

Ысык-Кѳл электроалдык форумунда шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүү, ошондой эле шайлоолордун мыйзамдуулугу жана коопсуздугу маселелери каралды

23-Июн, 2023

2023-жылдын 22-23-июнунда Чолпон-Ата шаарында «XXI кылымдын шайлоолору: ар түрдүүлүк, мыкты тажрыйбалар, актуалдуу маселелер жана ѳнүгүү жолдору» боюнча биринчи Ысык-Кѳл электроалдык форуму болуп ѳттү.

Форумдун биринчи «Шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүү» тегерек столунда кѳз карандысыз эксперт Д.И. Нарымбаев чыгып сүйлѳп, форумдун мааниси белгиледи.

Академиялык коомдоштуктун, жарандык коомдордун эксперттери, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү чыгып сүйлѳштү;

- Курманов З.К., Кыргыз Респрубликасынын ТИМ Дипломатиялык академиясынын проректору, КР парламентниин депутаттарын шайлоонун тартибинин мисалында шайлоо моделинин эволюциясы тууралуу баяндады.

- Сыргабаев С.Б., К. Карасаев атындагы БМУнун социология жана саясий-укуктук билимдер кафедрасынын башчысы рефрендумдар саясий кырдаалды турукташтыруудагы, мамлекеттик бийликтин ар түрдүү институттарынын ортосунда карма-каршылыкты жеңип ѳтүүдѳгү ролу тууралуу баяндады.

- Маматов К.А., КР БШКнын мүчѳсү рефрендумдун үч түрүн – жѳнѳкѳй, альтернативдүү жана татаал (кѳп түрдүү) түрлѳрүн ѳткѳрүүгѳ мүмкүнчүлүк берген тажрыйбаны ишке киргизүү тууралуу пикир алмашты.

- Мушкет И.И., КМШ МПА Кеңешинин катчылыгынын жетекчисинин орун басары Кѳз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттерде демократиялуу шайлоолордун стандарттары, шайлоо укуктары жана эркиндиги жѳнүндѳ иликтѳѳлѳргѳ баяндама жасады.

Ал «конвенция универсалдуу мүнѳзгѳ ээ экендигин, ал улуттук укук системасынын ѳзгѳчѳлүгүн эске алуу менен дүйнѳнүн бардык аймактарындагы мамлекеттердин шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүүгѳ негиз болушу мүмкүн» экендигин белгиледи.

- Балдовская Е.А., Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Белоруссиянын шайлоо мыйзамдарына жакында эле киргизилген ѳзгѳртүүлѳр жүнүндѳ баяндап берди.

- Султанов К.К., Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ѳзгѳчѳ тапшырмалар боюнча элчиси чет ѳлкѳлѳрдѳ жүрүшкѳн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу практикасынын бет ачарын ѳткѳрдү.

- Алтыбаева А.Т., Кыргыз Республикасынын аялдар кеңешинин республикалык бирикмесинин тѳрайымы, Добрецова Н.Н., Кыргыз Республикасынын ѳнүктүрүү саясаты институтунун башкармасынын тѳрайымы Кыргызстандын шайлоолоруна, ѳзгѳчѳ жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарына аялдардын катышуусун активдештирүү чѳйрѳсүндѳ ѳздѳрүнүн тажрыйбалары менен бѳлүштү.

- Омурканова Ч.А., «Эгль» КФ директору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча 2015-жылдагы аткарган иштери жѳнүндѳ ой бѳлүштү.

- Мамытова К., «Жалпы иш» КФ эксперти ѳзүнүн сѳзүндѳ адилет жана ачык шайлоону ѳркүндѳтүүдѳ коомдук байкоочулардын ролун белгиледи.

- Джумабаев А.Р., кѳз карандысыз медиа-эксперт шайлоо мезгилинде жана саясий маалыматтарды жаратууда ЖМК ролу жѳнүндѳ айтып берди.

 

- Урманбетова Ж.К., «Манас» кыргыз-түрк университетинин профессору, ф.и.к. ѳзүнүн сѳзүндѳ шайлоонун укуктук маданиятын жѳнгѳ салуу катары салттардын, моралдын, мыйзамдын жана технологиялардын ролун белгиледи.

- Букамбаева А.Ж., КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору жарандык билим берүүнү ѳнүктүрүү боюнча келечектеги пландар жѳнүндѳ ой бѳлүштү.

Ушул тегерек столдун экинчи сессиясы шайлоонун мыйзамдуулугу жана коопсуздугу маселелерине арналды.

- Шайназаров Т.У., КР БШК тѳрагасынын орун басары ыкчам таасир этүүчү координациялык топтун иштери аркылуу шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын ѳз ара аракеттерин координациялоо боюнча практика жѳнүндѳ бяндап берди. Ал мындай ѳз ара аракеттердин практикасы ѳзүнүн натыйжалуу экендигин далилдеп, шайлоо процессине киргизилген мыкты тажрыйбалардын бири экендигин белгиледи.

- Адыл уулу Кубан, КР Башкы прокурорунун орун басары шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчиликтин механизмдерин ѳркүндѳтүү боюнча баяндама менен чыгып сүйлѳдү.

- Кутбердиева М.М., КР БШКнын укуктук камсыз кылуу бѳлүмүнүн башчысы шайлоону ѳткѳрүүдѳ соттук тартипте даттануу жол-жоболорунун ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу баяндама жасады.

- Аширходжаев Э.Д., КР ички иштер министриинин орун басары шайлоолордо укук бузуулардын алдын алуу жана бѳгѳт коюу боюнча ичики иштер органдары тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

 

- Джаманбаева Ж.А., КР Омбудсмени КР Омбудсмени институту тарабынан парламенттик кѳзѳмѳлдүн алкагында байкоо жүргүзүү жѳнүндѳ маалымат берди.

 

- Гайпкулов И.Т., КР БШК мүчѳсү Кыргыз Республикасындагы шайлоо ѳнѳктүгүндѳ финансылык ачык-айкындыкты камсыз кылуу тажрыйбасы жѳнүндѳ баяндама менен чыгып сүйлѳдү.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>