Бүгүн КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жалпы улуттук ишембиликке чыгышты.
Борбордук шайлоо комиссиясы «Улуттук тазалык күнүн» ѳткѳрүү жѳнүндѳ демилгени колдойт.
Ишембиликтин жүрүршүндѳ Кашка-Суу айылынан «Ала-Арча» МПнын кире беришине чейинки борбордук кѳчѳнүн боюн турмуш-тиричилик таштандыларынан тазалашты.
«Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 жарлыгын аткарууда республиканын бардык шаарларында жана калктуу конуштарында ишембилик ѳткѳрүлүүдѳ.
КР БШК аппаратынын маалымат бѳлүмү







