Башкы Жаңылыктар Координациялык ыкчам чара көрүү тобуна келип түшкөн арыз-даттануулар …

Координациялык ыкчам чара көрүү тобуна келип түшкөн арыз-даттануулар дароо каралып жатат

28-Май, 2023

Жалпысынан Координациялык Ыкчам чара көрүү тобуна мыйзам бузуулар боюнча 6 арыз, даттануу келип түшкөн, анын ичинен бешөө шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, бирөө шайлоо күнү добуш берүү башталгандан тарта келип түшкөн, - бул тууралуу  бүгүн брифингде Координациялык Ыкчам чара көрүү тобунун жетекчиси Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
4 даттануу боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилди. Дагы 2 даттануу боюнча тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлөт.
Координациялык Ыкчам чара көрүү тобунун жетекчиси учурдагы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча даттануулар аз болгонун белгилеп, мындан ары да шайлоо мыйзам бузуу фактылары катталбастан өтөөрүнө ишеним артты.
БШК шайлоонун айкындуулугун, ачыктыгын жана мыйзамдуулугун камсыздоо максатында БШКнын Координациялык Ыкчам чара көрүү боюнча тобу иштеп жатканын, анын курамына БШКнын, ички иштер органдарынын, прокуратуранын жана  УКМКнын өкүлдөрү кирээрин эске салат.
Координациялык топ бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү талдоо жана текшерүү, бузуучулар үчүн ыкчам жоопкерчилик чараларын көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралуу жарандарды маалымдоо боюнча иштерди жүргүзөт.
Шайлоо учурунда кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттери болсо Координациялык ыкчам чара көрүү тобу - 1255, ишеним телефону - 0 (312) 66024 номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>