Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн 51 шайлоо участкалары иштеп жатканын КР БШК маалымдайт.
Өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун дарегин тактай аласыз:
- 1255 же 119 номерине чалуу менен;
- 119 номерине паспорттогу ПИН-жеке идентификациялык номерин СМС жөнөтүү менен (акысыз);
- https://tizme.gov.kg/ сайтында.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1033, 1035, 1062 жана №1013 4 шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөн.
1. №1033 шайлоо участогунун дареги:
- №79 орто мектептин имаратынан, Бишкек шаары, Эр-Тайлак көчөсү №75 дареги боюнча,
- Бишкек шаары, «Арча-Бешик» конушунун Бадахшан көчөсү, №2/1Б дарегиндеги №97 орто мектептин имаратына.
2. №1035 шайлоо участогунун дареги:
- «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинин имаратынан, Бишкек шаары, Жайыл Баатыр көчөсү, №66 дареги боюнча,
- Бишкек шаары, «Арча-Бешик» конушунун Эр-Тайлак көчөсү, №75 дарегиндеги №79 орто мектептин имаратына.
3. №1062 шайлоо участогунун дареги:
- «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинин имаратынан, Бишкек шаары, Жайыл Баатыр көчөсү №66 дареги боюнча,
- Бишкек шаары, «Арча-Бешик» конушунун Кара-Коо көчөсү, №118 дарегиндеги №93 орто мектептин имаратына.
4. №1013 шайлоо участогунун дареги:
- Бишкек шаары, Кайназаров көчөсү №30 дарегиндеги Ветеринария департаментинин имаратынан,
- Бишкек шаары, Месарош көчөсү, №1 дарегиндеги №50 орто мектептин имаратына.