Башкы Жаңылыктар БШК электрондук капчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу добуш …

БШК электрондук капчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу добуш сатып алууну болтурбоо үчүн электрондук төлөмдөргө мониторинг жүргүзүүдө

27-Май, 2023

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясыУлуттук банк, Банктар аралык процессинг борбору, коммерциялык банктар, уюлдук операторлор, төлөмсистемасынын операторлору жана Кыргыз РеспубликасынынФинансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен биргеликте2023-жылдын 28-майына белгиленген №26 Ленин бир мандаттуушайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо электрондуккапчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу добуш сатыпалууга алып келе турган «көмүскө» каражаттарды (накталай жананакталай эмес формада) пайдаланууга жол бербөө максатындаэлектрондук төлөмдөргө мониторинг жүргүзөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешининдепутаттарын шайлоодо, ошондой эле 2021-жылы КыргызРеспубликасынын шаардык кеңештеринин депутаттарынтандоодо ушундай эле биргеликте алып барылган иштер, добуштарды электрондук түрдө сатып алууга кызыдар болгонтараптардын аракеттерине, анын ичинде тыюу салынган булактараркылуу которулган каражаттарга (чет элдик жана жашыруун) бөгөт болгон.

Көрүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынчегинде талапкерлердин үгүт иштерине оң таасирин тийгизип, электрондук төлөм системалары (анын ичинде төлөмтерминалдары) аркылуу добуштарды сатып алуутобокелдиктерин жокко чыгарган.


Маалымат үчүн:

Учурдагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан КыргызРеспубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 29 талапкер катышууда, алар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүнөздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүшкөн. Шайлоо фонддорунтүзүүчү бардык каражаттар улуттук валютада алардын «РСК Банк» ААК жана «Айыл Банк» ААКдагы атайын эсептеринекоторулууда.

Бул банктар талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарыначуу, жүргүзүү, эсепке алуу жана отчеттуулукту жүргүзүү үчүнБШК тарабынан белгиленген банк мекемелеринин тизмесинекиргизилген.

Шайлоо фонддору төмөнкүлөрдөн түзүлүшү мүмкүн:

- талапкерлердин, саясий партиялардын өздүк каражаттары;

- тыюу салынган булактарды кошпогондо, жарандардын жанаюридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ага анонимдүү кайрымдуулук да кирет.

Шайлоо фонддору так максаттуу багытталган жана шайлооөнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга ганапайдаланылышы мүмкүн.

Талапкер менен жеке адамдардын, юридикалык жактардынортосундагы иштерди аткаруу/кызмат көрсөтүү үчүн бардыкэсептешүүлөр келишимдик негизде жана накталай эмес формадагана жүргүзүлөт.

БШК тарабынан талапкерлердин шайлоо фонддорунунтүзүлүшүнө жана чыгымдалышына көзөмөлдү Контролдук-текшерүү тобу (БКК) жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык:

- шайлоо фонддорунун каражаттарынан тышкаркы каражаттардыпайдалануу шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин кылмыштуубузуу болуп саналат, ал башкалардын катарында талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн негизболо алат;

-Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу кылмыш болупсаналат жана 260 миң сомго чейинки айыпка же 2 жыл 6 айгачейин эркинен ажыратуу менен жазага тартылат

 

КР БШКнын контролдоо-текшерүү тобу

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>