Башкы Жаңылыктар БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын …

БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрдү

23-Май, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 23-майындагы жыйынында Ош, Жалал-Абад, Токтогул, Сузак, Баткен, Нарын жана Баткен менен Нарын шаарларынын, Кочкор, Аламүдүн жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын 5 шаардык жана 8 айылдык кеңештериндеги жергиликтүү кеңештин 16 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды тизме боюнча кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулду:

Ош шаардык кеңеши

Абдыкадырова Ракыя Кимсанбаевнанын мандаты «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен Атабекова Айгула Гуламидиновнага өткөрүлүп берилди.


Жалал-Абад шаардык кеңеши 

Боронбаев Заттарбек Абдыкаарович бошоткон мандат Исматтулаев Эркин Эргашходжаевичке өттү;

Караева Наргиза Ибраимовнанын мандаты Эркулова Мадина Абдурашидовнага берилди;

Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши

Сарпашова Манас Мурсажановичтин мандаты  «Ынтымак» саясий партиясынын тизмесинен Медеров Эсентур Нурсламовичке ыйгарылды.

Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши

Мундусбаева Токтобу Смагуловнанын мандаты Сатаров Муратбек Окушовичке берилди;

Акматалиев Анарбек Абдырахмановичтин  мандаты Сулайманов Абдыбек Касымалиевичке берилди;

Сузак районундагы Кара-Дарын айылдык кеңеши


Эгембердиев Замирбек Рахматуллаевичтин мандаты Сыдыгалиев Санжарбек Мурзавалиевичке өткөрүлүп берилди.

Баткен районунун Дары айылдык кеңеши

Исираев Алдаяр Авсатаровичтин мандаты Мурзаев Эркинбек Абдилазизовичке берилди;

Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңеши

Жумагулов Авазбек Умаровичтин мандаты Темирбаев Уланбек Абдикааровичке берилди.

Баткен шаардык кеңеши

Алибаев Орозбек Икрамовичтин бош калган мандаты «Ала - Тоо Кыргыз Жери» саясий партиясынын тизмесинен Гапаров Исмаил Тургунбаевичке тапшырылды.

Гапарова Майрамкан Кулекбаевнанын бош калган мандаты Абдрахманова Гүлмира Гапаровнага берилди;

Нарын районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши

Рысбек уулу Ынтымактын мандаты Нурфазил уулу Калыска берилди;

Нарын шаардык кеңеши

Ниязбеков Талантбек Замирбековичтин мандаты «Улуу Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен Эстебесов Болотбек Эстебесовичке өткөрүлүп берилди.

Кочкор районунун Сары-Булак айылдык кеңеши

Бактыбек уулу Майрамбектин мандаты Курманбек уулу Ренатка берилди.

Аламүдүн районундагы Ала-Арча айылдык кеңеши

Шерматов Нурлан Баатырбековичтин мандаты Алимжанов Азимхан Элмуратовичке өткөрүлүп берилди.

Чүй районундагы Ибраимов айылдык кеңеши

Молдокулов Станбек Абдымомуновичтин мандаты Канатбек уулу Аргенге берилди

Ош, Баткен шаардык жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары жеке арыздардын негизинде жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен 6 талапкерди чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алышкан:

Ош шаары:

Ош шаардык кеңеши

Карабаева Айчүрөк Акылбековна, "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынан;

"Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынан Жентаева Жумагүл Кеңешовна;

Абилова Фарзигул Айтмаматовна "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынан;

"Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынан Абдикеримова Бүгүл Мурзаевна;

Баткен облусу:

Баткен шаардык кеңеши:

Таипов Жоробай Бурканович «Ала-Тоо Кыргыз Жери» саясий партиясынан;

Чүй облусу:

Аламүдүн районундагы Ала-Арча айылдык кеңеши

Бектемиров Талант Эрнисбекович;

 

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>