Ленин районунун шайлоочуларынын көңүлүнө: 20-21-майда талапкерлер менен жолугушуулар өткөрүлөт

19 мая 2023

Урматтуу Ленин районунун шайлоочулары!

2023-жылдын 20-майынды, саат 13:00 дөн  саат 16:00гө чейин, ошондой эле 2023-жылдын 21-майында саат 10:00дөн 14:00гө чейин, Ю.Фучик атындагы паркта №26 Ленин шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары белгиленген.
Жолугушууларды Ленин райондук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрөт.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 30 талапкер катышууда.

КР БШК маалымат бөлүмү