Башкы Жаңылыктар БШКнын делегациясы Стамбул шаарында өткөн Түркия Республикасынын Президентин …

БШКнын делегациясы Стамбул шаарында өткөн Түркия Республикасынын Президентин жана Парламент депутаттарын шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышты

15-Май, 2023

2023-жылдын 14-майында Кыргыз Республиканын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы курамында:  БШК  Төрагасы Н.Шайлдабекова, БШКнын мүчөсү К.Маматов, БШКнын аппаратынын кызматкери менен  Түрк Мамлекеттер  Уюмунун Миссиясынын курамында  Түркия Республикасынын Президентин жана Парламент  депутаттарын  шайлоо процессине  байкоо жүргүзүштү.

Байкоо жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен катар Азербайжан Республикасынын депутаттары, Өзбекстан Республикасынын БШКнын жана Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Түрк Мамлекеттер Уюмунун Миссиясынын курамында  катышты.

Миссия Стамбулда байкоо жүргүзгөн. Шайлоо учурундагы процесске мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Түрк Мамлекеттер Уюмунун Миссиясы Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Стамбулдагы өкүлү, элчи Айсе Сезен Услуер, Стамбулдун губернатору Али Йерликай жана шайлоо комиссиясынын жетекчиси Рамазан Секин менен жолугушууларды өткөрдү.  Жыйында шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү, чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын шайлоого катышуусу, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын катышуусу тууралуу  суроолор талкууланды.

Шайлоого катышкан Түркиянын саясий партиялары – Адилеттик жана өнүгүү партиясы    (AK Parti), Республикалык элдик партия (Cumhuriyet Halk Partisi) жана Жакшы партиянын (İyi Parti)  жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлдү. Партиялардын өкүлдөрү Миссиянын мүчөлөрүнө партиялардын максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берип, аларды шайлоо алдындагы программалары менен тааныштырып, кызыккан  суроолоруна жооп беришти.

Шайлоо күнү шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышты. БШКнын делегациясы Стамбулдагы бир катар шайлоо участкаларында болуп, добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салышты. Делегация мүчөлөрү шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү байкоочулар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Шайлоо участкалары жабылгандан кийин, КР БШКнын делегациясы добуштарды саноо учурундагы мониторингге катышты. Добуштарды саноодо мыйзам бузуулар болгон жок.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шайлоо участокторуна жеткиликтүү шарттар түзүлдү. Бардык шайлоо участкаларында азиз шайлоочулар үчүн трафареттер коюлган.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматына ылайык, 81 провинциясында  31 миң 800 шайлоо участкасы түзүлүп, 64 миллион 190 миң 651 түрк жараны шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Добуш берүүгө 55 382 707 шайлоочу (86,28%) катышты.

Жыйынтыгында Режеп Тайып Эрдоган 49,42%, Кемал Кылычдароглу 44,95%, Синан Оган 5,2% алды.

Түркияда жалпы парламенттик шайлоого 24 саясий партия катышты. Тактап айтсак: Адилеттик жана өнүгүү партиясы жетектеген Республикалык альянс (Cumhur) 49,37%, оппозициядагы Республикалык Элдик партиясы (Millet) жетектеген Элдик Альянс - 35,12%, Эмгек жана Эркиндик альянсы (Emek ve Özgürlük) - 10,53%, "Альянс" ата-бабалардын» «АТА» (Ata) -2,45%, «Социалисттик кооперация союзу» (Sosyalist Güç Birliği) — 0,29%.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча,  Түрк Мамлекеттер Уюмунун  Шайлоого  Байкоо жүргүзүү эл аралык курамынын Миссиясы өз корутундусунда Түркия Республикасында 28-чакырылыштагы Президенттик жана жалпы парламенттик шайлоолор ачык, айкын, атаандаштыкта өлкөнүн, улуттук мыйзамдарына жана жалпы кабыл алынган эл аралык шайлоо стандарттарына  ылайык өткөнүн тастыктады.
Түркиянын президентин жана парламентинин депутаттарын шайлоонун мониторингине Белгилей кетсек, Түрк Мамлекеттер Уюмунун  Миссиясынан тышкары ТүркПА, ЕККУ/ДИАУБ жана Европа Кеңешинин ПА миссиялары да катышты.

«TRT Haber» каналына берилген интервью

 

КР БШКнын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>