Башкы Жаңылыктар Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу …

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушту

12-Май, 2023

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Бишкек шаарындагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттанган талапкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу ачык диалог, суроо-жооп форматында өттү.

Садыр Жапаров талапкерлерге кайрылып, бир округдан бир депутатты шайлоо болуп жатса, Президенттин талапкерлер менен жолугушуусу туурабы деген ар кандай суроо коомдо туулушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы кандай гана шайлоо процесси болбосун, ал чоң саясий окуя болуп саналат, деп баса белгиледи.

“Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында шайлоолордун жыйынтыгына бир нече жолу нааразычылыктар жаралып, элдин талаптары эске алынбай, тилекке каршы, 3 жолку төңкөрүштү башыбыздан кечирдик. Эң башкысы элдин бийликке болгон ишенимине доо кетти. Мына ошондуктан биз өткөндөн сабак алып, ар бир шайлоого терең маани берип, тыкыр көңүл буруп, аны ачык-айкын, таза өткөрүшүбүз керек. Элдин бул процесске ишеними болушу үчүн шайлоо маданиятын жогорулатууга жетишүү - биздин башкы максатыбыз болушу абзел. Бул үчүн бизде саясий эрк жетиштүү. Мындан тышкары, жаңы шайлоо технологияларын киргизүүнүн аркасында шайлоо процесси жакшырды – ал ачык жана айкын болуп калды. Кандайдыр бир адам фактору жокко чыгарылат», - деп белгилеген Президент, талапкерлерге БШКнын башчысы менен бирге экскурсия жасап, шайлоочуларды идентификациялоонун жогорку IT-технологиялары колдонулган жаңы система кандай иштээрин өз көзү менен көрүп чыгууну сунуштады.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын өзгөртүү жолу менен эл аралык стандарттарга ылайык, эркин жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн укуктук шарттарды түзө алганыбызга көңүл бурду.

Ал убагында айрым талапкерлерге ар кандай артыкчылыктар берилип, “Президенттен бата алыптыр”, “бийликтин кишиси экен” деген түшүнүктөр болгонун эскертти. Айрым талапкерлер үчүн административдик машина иштеп, мамлекеттик жана социалдык тармактын кызматкерлери үгүт иштерине курал катары колдонулган. Ал эми айрым талапкерлерге бийлик тарабынан тескерисинче бут тосуулар болуп келген.

“Бүгүнкү күндө мындай адилетсиз, мыйзамсыз аракеттерге таптакыр жол жок. Бийлик тарабынан шайлоолорго ар кандай ыкма менен аралашууга жол бербейбиз. Бүгүнкү жолугушууга укук коргоо органдарынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри жана башка жетекчилер келишти. Сиздердин алдыңыздарда шайлоону өткөрүүгө тиешелүү жетекчилердин баарын эскертемин. Бир да мамлекеттик жана мунципалдык кызматкер үгүт иштерине аралашпасын”, - деп Садыр Жапаров белгилеп, бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүшү керектигин айтты.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы шайлоону таза өткөрүү жеке эле мамлекеттик бийликтин милдети эмес, шайлоонун акыйкат жана ачык өтүшүнө ар бири өз салымын кошуш керектигин өзгөчө белгиледи.

Президент талапкерлерди мыйзамдуулукту так сактоого жана шайлоочулардын добушун сатып алууга, бюллетендерди сүрөткө тартып шайлоочулардан отчет алуу, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, шайлоочуларды шайлоо тилкелерине ташып келүүгө жол бербөөгө чакырды. Мындай мыйзам бузуулар жана башка мыйзамсыз аракеттер болгон учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.

Садыр Жапаров бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүн, эми ошол түзүлгөн шарттарды бийик жоопкерчилик менен колдонуусун дагы бир жолу айтып өттү.

Өз кезегинде талапкерлер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Президент Садыр Жапаровго бир катар түрдүү суроолорду берип, аларга кеңири жоопторду ала алышты.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>