Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылы 6-майда саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында 2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу депутаттыкка талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн окутуу өткөрөт.
Катышуучулар төмөнкү маселелер боюнча маалымат алышат:
-
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо тартиби;
-
«Электрондук талапкер» тутумуна талапкерлердин маалыматтарын киргизүү тартиби;
-
шайлоо процессинде айкындуулук жана аныктык технологиялары;
-
шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери;
-
депутаттыкка талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу тартиби.
Катышуу маселелери боюнча төмөнкү байланыш телефон номуруна чалып, кайрылууну өтүнөбүз: (0312) 66-01-16; 66-02-40.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү