Башкы Жаңылыктар БШКнын делегациясы Өзбекстан Республикасынын референдумунунда мониторингге катышат

БШКнын делегациясы Өзбекстан Республикасынын референдумунунда мониторингге катышат

30-Апр, 2023

БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекова башында турган, БШКнын мүчѳлѳрү А.Дубанбаева, И.Гайпкулов, БШК аппаратынын жетекчиси М.Мамбеталиев, Жумгал жана Кочкор АШК атайын ѳкүлү Т. Акимбаев жана Жети-Өгүз АШК тѳрагасы Н. Алымбаев кирген БШКнын делегациясы «Өзбекстан Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Өзбекстан Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору боюнча Өзбекстан Республикасынын рефрендумуна мониторингге катышууда.

​Рефрендумдун алдында КР БШКнын делегациясы менен Өзбекстан Республикасынын БШК тѳрагасы З.Низамходжаевдин жолугушусу болду, анын жүрүшүндѳ ал КР БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекованы жана делегация мүчѳлѳрүн жеке катышып жатышкандыктары жана бардык шайлоолордун жүрүшүндѳ дайыма колдоо кѳрсѳткѳндүктѳрү үчүн ыраазычылык билдирди.

​Өзбекстан Республикасынын БШК тѳрагасы З.Низамходжаев делегация мүчѳлѳрүнѳ рефрендумду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ, Өзбекстан Республикасынын Конституциянын долбоору, шайлоо комиссияларынын иштеши, эл аралык байкоочулардун катышуусу тууралуу тааныштырды.

​Өз кезегинде Н. Шайлдабекова бардык чѳйрѳдѳ ѳз ара мамилелерди жана кызматташууну бекемдѳѳ үчүн мыкты негиз болуп саналган эки мамлекеттин башчыларынын, ѳкмѳт башчыларынын деңгээлиндеги саясий диалогдун бийик деңгээли жѳнүндѳ белгиледи.

​Референдум – бул мамлекеттик коомдук ѳнүгүүнүн маанилүү маселелери боюнча эл ѳз эркин билдирген маанилүү коомдук-саясий иш чара. Узак коомдук талкуулоонун жүрүшүндѳ Конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча ѳтѳ кѳп сандагы сунуштардын жана түзѳтүүлѳрдүн келиптүшүшү жарандардын Өзбекстандын андан аркы ѳнүгүүсүнүн маанилүү маселелерин бийлик менен натыйжалуу ѳз ара аракетте чечүүгѳ кызыктар экендигин айгинелейт.

​КР БШК тѳрагасы Н. Шайлдабекова Өзбекстандын келечектеги прогрессинин укуктук негзидерни түзүүдѳ кесиптештеринин күч-аракеттерин колдой тургандыгын билдирип, кабыл алынган документ алдыга коюлган максаттарга жетерине ишенгендигин билдирди.

​Байкоочулар мыйзамдын талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу боюнча зарыл шарттар бѳлүгүндѳ добуш берүү процессине мониторинг алкагында бир катар шайлоо участкаларында болушуп, добуш берүү күнү башталганда участкалардын ачылышына катышты.

​Өзбекстанда референдумга мониторингге Азербайджандын, Беларустун, Казахстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Россия Федерациясынын жана Таджикистандын БШК тѳрагалары катышты. Ошондой эле Армениянын, Венгриянын, Грузиянын, Литванын, Малайзиянын, Монголиянын, Туркменистандын жана Туркиянын шайлоо комиссияларынын ѳкүлдѳрү да катышты.

​Өзбекстан БШК БДИПЧ ОБСЕ, Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнѳлүк ассоциациясын, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясын кошуп алганда чет мамлекеттерден жана уюмдардан байкоочуларды аккредитациялаган.

 

 

 

 

 

 


Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>