Бүгүн КР БШК аппаратынын кызматкерлери жалпы улуттук ишембиликке катышты.
Борбордук шайлоо комиссиясы “Улуттук тазалык күнүн” өткөрүү жөнүндө демилгени колдойт.
Ишембиликтин жүрүшүндө Кашка-Суу айылынан баштап, «Ала-Арча» МИ башкы кире беришине чейинки борбордук жол тиричилик таштандыларынан тазаланды.
“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планын” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткаруу максатында республиканын бардык шаарларында жана айылдарында ишембилик өткөрүлүүдө.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү








