Башкы Жаңылыктар КРнын БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын …

КРнын БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

20-Апр, 2023

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 20-апрелинде өткөн жыйынында Кара-Суу, Кара-Кулжа, Токмок, Сокулук, Нарын, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечимдерин бекитти.

 Баткен шаарынын кеңеши, Баткен облусу:

Төмөнкү депутаттар өз ыктыяры менен мандаттарынан баш тарткан:

  • Муратов Айбек Султаналиевич («Эмгек», №8)

  • Дүйшөева Уулкан Азизбаевна («Ынтымак», №3)

  • Матазимов Камалидин Сыдыкович («Ынтымак», №7)

  • Жээнкулов Каныбек Жолдошбаевич («Ынтымак», №8)

Алардын ордуна мандаттар берилди:

  • Нишанов Улукбек Абдуманапович («Эмгек», №13)

  • Самидинов Мирзаабдулла Онарбаевич («Ынтымак», №11)

  • Зикираев Меңдибай Икрамович («Ынтымак», №13)

  • Өзбекова Алтынай Сулайманбековна («Ынтымак», №18)

 Кара-Кулжа району, Ош облусу:

  • Алайкуй айылдык кеңешинин депутаты Шамшиев Байдос мандатын тапшырды. Анын ордуна Сооронбай уулу Талантбек келди.

 Кара-Суу району, Ош облусу:

  • Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Жолдубаева Жанаргүл Топчубаевна жергиликтүү кеңеш жыйындарына негизсиз беш жолу катышпагандыгы үчүн мандатынан ажыратылды. Анын ордуна Дадабаев Кылычбек Раимбердиевич келди.

Сокулук району, Чүй облусу:

  • Жаны-Жер айылдык кеңешинин депутаты Джекшенов Мирлан Ратынбекович мандатынан баш тартты. Анын ордуна Жолдошев Абдусабыр Камалдинович келди.

Нарын району, Нарын облусу:

  • Эмгекчил айылдык кеңешинин депутаты Баатырша уулу Камбарбек мандатын тапшырды. Анын ордуна Шаакеев Эркинбек Султанмамытович келди.

Түп району, Ысык-Көл облусу:

  • Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаттары:

    • Жумагулов Улан Тилекович

    • Табалдиев Акылбек Ниязович

    • Созаева Эльмира Мухажировна өз арыздары менен мандаттарынан баш тартышты. Анын ордуна тиешелүүлүгүнө жараша:

    • Онкошова Мира Камчыбековна

    • Урбаева Динара Кылчыкбаевна

    • Искакова Айнагүл Бектурсуновна келди.

  • Түп айылдык кеңешинин депутаты Алымжанова Венера Дүйшакиновна мандатын тапшырды. Анын ордуна Мустапаева Айзада Нурдановна келди.

  • Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаты Касенов Бакытбек Дайырович мандатын тапшырды. Анын ордуна Молдогазы уулу Эдиль келди.

  • Ак-Булун айылдык кеңешинин депутаты Усенов Нуржан Абдыкеримович мандатын тапшырды. Анын ордуна Окенов Таштанбек Жаныбекович келди.

Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу:

  • Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаты Абыдкалыков Алтынбек Кубатбекович мандатын тапшырды. Анын ордуна Карабалаев Бакыт Болотович келди.

  • Садыр-Аке айылдык кеңешинин депутаттары Ауельбаева Бактыгүл Бейшенбековна жана Шадыканов Турсунбек Асылбекович өз каалоолору менен мандаттарын тапшырды.

  • Темиров айылдык кеңешинин депутаттары Исмакеев Калис Тулобаевич жана Асанканова Жылдыз Айылчиевна өз каалоолору менен мандаттарынан баш тартты. Анын ордуна Кудакеева Бактыгүл Эсентуровна келди.

  • Кумбел айылдык кеңешинин депутаты Керимбек уулу Тойчубек мандатын тапшырды. Анын ордуна Абдиева Венера Асановна келди.

Ошондой эле, КР БШКсынын жыйынында төмөнкү талапкерлер катталган тизмеден өз арызынын негизинде чыгарылды:

  • Маматисаев Мансурбек Тойчубекович (№11, «Эмгек», Баткен ш. кеңеши)

  • Дүйшөева Гүлкайыр Маткалыковна (№15, «Ынтымак», Баткен ш. кеңеши)

  • Сапаралиев Кенешбек, Жаны-Жер айылдык кеңеши, Сокулук району

  • Турдубаева Айгүл, Тогуз-Булак айылдык кеңеши, Түп району

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>