Башкы Жаңылыктар КР БШК 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары …

КР БШК 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитти

18-Апр, 2023

2023-жылдын 9-апрелинде Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешти шайлоо болуп өттү.

14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 53 шайлоо участогу уюштурулду.

Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 72 009 шайлоочу киргизилген, анын ичинде 71168и – участоктордо добуш берүү үчүн, ал эми 841и электрондук добуш берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген.

Добуш берүүгө бардыгы 28088 шайлоочу катышты, бул добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин жалпы санынын 39,01 пайызын түздү:

  1. Шайлоо участокторунда добуш бергендердин саны – 27 394 шайлоочу, бул 38,49 пайызды түздү.
  2. Электрондук түрдө добуш берүүгө 841 шайлоочудан 694ү катышты, бул электрондук түрдө добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санынын 82,52 пайызын түздү.

9 аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) участоктордон түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарды, алардын негизинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.

14 айылдык кеңеште депутаттык мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде, округдарда аялдар үчүн 97 мандат резервде калтырылган, 470 талапкер катталган, анын ичинде, 164ү аял-талапкер.

Бардыгы – 254 депутат шайланды, анын ичинде, 102 депутат – аялдар.

14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары:

Баткен облусу

Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңеши

Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңеши

Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши

Ош облусу

Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңеши

Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңеши

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши

Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңеши

Нарын облусу

Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңеши

Жумгал районунун Чаек айылдык кеңеши

Талас облусу

Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңеши

Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңеши

Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңеши

Чүй облусу

Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңеши

Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө АШК чечимдери БШКга 3 күн ичинде даттанылат. БШК чечимин сот тартибинде даттанса болот.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>