Башкы Жаңылыктар Бишкек шаарынын Ленин округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн …

Бишкек шаарынын Ленин округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү

15-Апр, 2023

КР БШК жана Бишкек шаарынын мэриясы №26 Ленин шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйынга КР БШКнын төрагасы Н.К. Шайлдабекова, Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.К. Байгончоков, Ленин райондук администрациясынын юашчысы М.А.Тагаев,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле №26 Ленин шайлоо округу боюнча округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

БШКнын төрагасы шайлоо процессинин мөөнөттөрүн жана этаптарын, шайлоону даярдоонун ар бир этабында тиешелүү органдардын милдеттерин белгиледи. Мыйзамдарга ылайык, шайлоонун мөөнөтү үчтөн бирге кыскарды.

Бул этапта шайлоочулардын тизмелери такталып, талапкерлер көрсөтүлүүдө. 2023-жылдын 11-апрелине карата алдын ала тизмеге ылайык, Ленин району боюнча шайлоочулардын саны 124 702 адам болуп, мурда 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого салыштырмалуу 13 237 шайлоочуга көбөйгөн. Шайлоочу шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактап, так эместиктер орун алган учурда арызын 17-майга чейин (кошуп алганда) бере алат.

Талапкерлерди көрсөтүү этабы 27-апрелге  чейин (кошуп алганда)  уланат. Бул этапта 16 талапкер көрсөтүлдү. Талапкерлердин документтеринин  шайлоо мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги текшерилгенден кийин 8-майга чейин талапкерлерди каттоо аяктайт. Ошол убактан тартып шайлоо өнөктүгүнүн эң жигердүү этабы – 27-май күнү эртең мененки саат 8.00гө чейин созула турган үгүт этабы башталат. 28-май – добуш берүү күнү.

Шаардык штабдын жетекчиси, вице-мэр М.К. Байгончоков шаардык штабды түзүү жана шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө чечимдердин кабыл алынганы жөнүндө маалымат берди. Штабдын иш планында шайлоого даярдык көрүү боюнча бардык зарыл чаралар, биринчи кезекте шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан жабдуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы, үгүт материалдары үчүн маалыматтык аянттар менен камсыз кылуу маселелери жана башка уюштуруу чаралары эске алынган.

БШК төрагасы шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин такай, өз убагында жана толук көлөмдө чечип бергендиги үчүн мэрияга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шайлоо участкаларынын имараттарын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар менен жабдуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылганы айтылды. Атап айтканда, 51 шайлоо участогунун 47си пандустар менен жабдылган, 4 шайлоо участогу пандустарды талап кылбайт.

Ошол эле учурда округдагы бир катар пандустар үчүн СНиПтерге ылайык жакшыртуу жана ишти аягына чыгаруу боюнча мындан аркы иштерди аткаруу керек.

Добуш берүүнү Б.А. Конуров башчылык кылган Ленин округдук шайлоо комиссиясы жана 51 участкалык комиссия тарабынан камсыздалат. Мэриянын билим берүү башкармалыгына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоону даярдоо графигине ылайык өткөрүүгө тоскоолдуксуз катышуусу үчүн шарттарды камсыз кылуу сунушталды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы буга чейин 51 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин толуктоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү боюнча жарандарга жана саясий партияларга кайрылуу жасаган. Буга байланыштуу шаардык кеңеш бул маселе боюнча өз убагында чечим кабыл алууга көмөктөшүүсү керек.

Шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча КР БШК төрагасы 2021-жылы өткөн шайлоодо Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча 11 арыз жана даттануу келип түшкөнүн белгиледи, анын ичинен үчөө одоно мыйзам бузуулар боюнча түшкөн. Өткөн шайлоодо добуш берүү күнүнө 10 күн калганда шайлоочуларды сатып алгандыгы үчүн Ленин округунда бир талапкерди каттоо жокко чыгарылганы бүтүндөй республикада сатып алуу боюнча мыйзам бузуулардын санын кыскартууга маанилүү оң таасирин тийгизди.

Аталган округда округдук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлгөн Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) алкагында комиссиялар менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттешүүсү боюнча сунуштар берилди. Ошондой эле шайлоодогу мыйзам бузуулардын ар кандай түрлөрүнө, биринчи кезекте добуштарды сатып алууга жана администрациялык ресурска каршы чара көрүү боюнча өз ара аракеттешүү жана алгоритмдери боюнча жыйын өткөрүлөрү белгилүү болду.

Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров шайлоону таза жана демократиялуу өткөрүүдө администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо жана ага каршы натыйжалуу чараларды көрүү мэриянын күч-аракетинин артыкчылыктуу максаты экенин белгиледи. Ал мэрия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн шайлоо процессине кандайдыр бир түрдө кийлигишүүсүнө, айрым талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн администрациялык ресурсту колдонуусуна жол бербей турганын баса белгиледи.

Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров мэриянын алдыдагы КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого толук даярдыгын билдирди жана таза, мыйзамдуу демократиялык шайлоону ийгиликтүү өткөрүүгө көмөктөшүү мэриянын, Бишкек шаарынын бардык кызматтарынын, анын ичинде, шаардын укук коргоо органдарынын артыкчылыктуу милдети экендигин белгиледи.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>