Башкы Жаңылыктар БШКга № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу …

БШКга № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкерден 16-арыз түштү

14-Апр, 2023

2023-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Суваналиев Омурбек Исаковичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.

КР Президентинин Жарлыгы менен № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалганын эске салабыз.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз берген талапкерлердин тизмеси:

№

Талапкердин ФАА

Көрсөтүү тиби

Арыз тапшыруу датасы

1

Булекбаев Эркин Касымович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 31-марты

2

Кунакунов Максат Касымжанович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 3-апрели

3

Арзыкулов Марат Замирбекович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 3-апрели

4

Нурланбеков Актилек Нурланбекович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 4-апрели

5

Камбаров Мирлан Адилбекович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 4-апрели

6

Иманкулов Бекзат Муратович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 5-апрели

7

Абдылдаев Азат Шералиевич

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 5-апрели

8

Калыков Улугбек Абдисатарович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 6-апрели

9

Исмаилова Карачач Джумаевна

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 6-апрели

10

Сакиев Нурлан Казыбекович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 10-апрели

11

Тербишалиев Данияр Омурзакович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 10-апрели

12

Искаков Эртай Дуйшобекович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 10-апрели

13

Касмалиев Ажыбек Кадыркулович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 11-апрели

14

Мокейчук Роман Александрович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 11-апрели

15

Маликов Аким Маликович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 11-апрели

16

Суваналиев Омурбек Исакович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж 13-апрели

17

Бакир уулу Турсунбай

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж 15-апрели

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>