Башкы Жаңылыктар 2023 - жылдын 9 - апрели - Баткен, …

2023 - жылдын 9 - апрели - Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинде жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү

09-Апр, 2023

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун Жарлыгына ылайык, бүгүн - 2023-жылдын 9-апрели Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинде жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү экендигин билдирет.

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү үчүн ѳлкѳнүн 5 облусунда 53 шайлоо участкасы ачылган. 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү саат 8:00дѳн 20:00гѳ чейин жүргүзүлѳт.

2. Мыйзамдарга ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкер жана шайлоочу катары паспортундагы белги менен тастыкталган, тийиштүү айыл аймагында туруктуу каттоодо турган жергиликтүү жамааттын мүчѳсү гана катыша алат.

3. Бул шайлооллордо шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны жалпысынан 72 009 адамды түзөт, алардын ичинен 36233ү – эркектер, 35776сы - аялдар.

Шайлоолордо шайлоочулардын саны Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин (мындан ары – СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын «Тизме» сайтына жайгаштырылган, ошондой эле бардык шайлоо участкаларында илинген.

Шайлоочулар «Тизме» - https://tizme.gov.kg/ порталында же болбосо паспортундагы ѳзүнүн ПИН – жеке идентификациялык номерин жана ѳзүнүн шайлоо участкасынын номерин кѳрсѳтүү менен 1255 номерине чалуу (чалуу акысыз), же болбосо 119 кыска номерине СМС жиберүү аркылуу ѳзүнүн шайлоо участкасынын номерин жана дарегин тактап алса болот.

4. Бардык 14 айылдык кеңешинде жана аларда түзүлгѳн 42 округударда 254 депутатты шайлоо болот, шайлоолого катышуу үчүн 470 талапкер катталган.

5. Кыргызстанда 2019-жылдан тартып ар бир округда аялдар үчүн мандаттардын 30% кем эмесин резервге алуу жѳнүндѳ норма колдонулуп келгендигин белгилѳѳ зарыл. 14 кеңештердеги азыркы шайлоолордо бул норма биринчи жолу колдонулат. Калган бардык айылдык кеңештерде мындай норма мурда эле 2021-2022-жылдары колдонулуп келген, мандаттарды квоталоону колдонуунун натыйжасында бүткүл ѳлкѳ боюнча айылдык кеңештерде аялдардын саны 9 %дан 38%га кѳбѳйгѳн.

Азыркы шайлоолордо жалпы 254 мандаттардын ичинен аялдар үчүн 97 мандат резервделген, ага 164 талапкер аял аттанууда.

6. Ар бир талапкер жѳнүндѳ маалыматтар менен шайлоочу БШКнын сайтынан – Талапкер порталынан тааныша алат. Ал жерде талапкерлер жѳнүндѳ маалыматтар, адардын программалары жана шайлоо фонддорунун каржылоо жѳнүндѳ маалыматтар бар, ошондой эле шайлоо участкаларында илинген.

7. Шайлоолорго жарандардын катышуусуна уруксат берүү үчүн шарттарды түзүү максатында Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр аймактарында депутаттарды шайлоодо биринчи жолу пилоттук режимде электрондук добуш берүү режими апробацияланууда.

Элекрондук добуш берүүнү жергиликтүү жамаатын мүчѳсү болуп саналган, кѳрсѳтүлгѳн айыл аймактарында туруктуу катталууда турган, бирок шайлоо күнү шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүнчүлүгү жок Кыргыз Республикасынын жараны пайлана алат.

Пилоттук добуш берүүнү уюштуруу үчүн электрондук форматта добуш берүү прогаммасын иштеп чыккан ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгѳн. Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги менен ѳз ара аракеттенүү аркылуу участкаларда шайлоочуларды идентификациялоо программалары ѳркѳндѳтүлдү, Лайфнесс ѳң-түздүн биометриясы боюнча онлайн идентификациялоо формасы добуш берүүнүн элекрондук системасына иштелип чыкты жана интеграцияланды.

Элекрондук добуш берүү участкаларда добуш берүү менен тең-катар ишке ашырылат. Шайлоо күнүнѳ чейин 15 күн мурда электрондук формада добуш берүү жѳнүндѳ арыз берген шайлоочу гана добуш бере алат.

Электрондук добуш берүүгѳ катышуу үчүн 14 ѳлкѳдѳн баткендиктер арыз беришкен, Баткен районунундагы 3 айылдык кеңештер боюнча шайлоочулардын тизмесине 841 шайлоочу киргизилген, анын ичинде Бишкекте жана Ошто убактылуу жүрүшкѳн 400 баткендиктер бар.

“Менин шайлоом” мобилдик тиркемесин Аppstore, же болбосо «dobush.shailoo.gov.kg БШКнын атайын сайтына түшүрүү аркылуу мобилдик жабдуу менен добуш берсе болот.

Мыйзамдын талаптарына ылайык, шайлоочу биометиркалык идентификациядан ѳтүп, элекрондук бюллетень алат.

Шайлоочунун тандоосу шифрленген түрдѳ эсепке алуу үчүн серверге жѳнѳтүлѳт. Добуш берүүнүн купуялуулугу кепилдендирилет жана криптография (шифрленүү) менен камсыздалат. Ар бир шайлоочу ѳзүнүн коду аркылуу добуш берүүдѳгү маалыматтар шифрленип ѳзгѳртүлбѳстѳн БШКнын серверине берилгендигин текшере алат.

Добуш берүү аяктагандан кийин ошол эле сайтта мыйзамдарга ылайык добуш берүүгѳ катышкандардын саны жана ар бир округ боюнча талапкерлер үчүн добуштардын жыйынтыгы жарыяланат.

«dobush.shailoo.gov.kg сайтынан ошол күндѳгү добуш берүүнүн жүрүшүнѳ мониторинг жүргүзсѳ болот. Ошондой эле БШК коомдук байкоочуларды БШКнын имаратында элекрондук добуш берүүгѳ мониторинг борборунан байкоо жүргүзүүгѳ чакырат.

Элекрондук добуш берүүгѳ катышуу боюнча бардык суроолор боюнча Бишкекте – БШК имаратында, Ошто, Баткенде 1255 телефону боюнча, Россиядан телефон чалуу акысыз линия боюнча (БШКнын сайтында) кайрылса болот.

Пилоттук добуш берүү апробациялангандан кийин ар тараптуу талдоо ѳткѳрүлүп, бул маселени андан ары сунуш кылуу үчүн электрондук формада талкуу ѳткѳрүлѳт.

8. Мындан тышкары, Баткен районунда Самаркандек кеңешинин 5 участкасында бюллтендерди басып чыгаруу функциясы менен программалык-техникалык форматы ѳркүндѳтүлгѳн шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдуусу колдонулат.

9. Шайлоолорго шайлоо комиссияларынын 760 мүчѳсү, 9 АШКдан – 110 адам, 52 УШКдан – 651 адам тартылган.

10. Шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү үчүн чыгымдар 18 874,9 миң сом суммасында пландаштырылган.

11. Шайлоолордун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн БШК жана АШК деңгээлдеринде укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук жана кѳзѳмѳл жүргүзүү органдарынын катышуусунда ыкчам таасир этүүчү координациялык топтор иштейт. БШК бузуулар байкалган учурда 1255 телефону аркылуу билдирүүнү ѳтүнѳт.

12. БШК шайлоочуларды шайлоого активдүү катышууга жана жергиликтүү кеңештердин татыктуу ѳкүлдѳрүнѳ добуш берүүгѳ чакырат!

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>