Башкы Жаңылыктар Жергиликтүү шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде …

Жергиликтүү шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө шайлоочулардын жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады

06-Апр, 2023

2023-жылдын 5-апрелинде саат 18:00дө 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө шайлоочулардын жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.

14 айылдык кеңештин 11ине 53 УШКнын 24үнө добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө бардыгы 153 арыз түштү (анын ичинде: 75и – улгайгандыгы боюнча, 15и – майыптыгы боюнча, 63ү – оорусу боюнча).

Баткен облусу боюнча 13 УШКдан бирөөнө 1 арыз түштү, анын ичинде: оорусу боюнча – 1;

Ош облусу боюнча 19 УШКдан 13үнө 77 арыз түштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 29, майыптыгы боюнча - 8, оорусу боюнча - 40;

Талас облусу боюнча 6 УШКдан 5өөнө 40 арыз түштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 28, майыптыгы боюнча - 4, оорусу боюнча - 8;

Нарын облусу боюнча 9 УШКдан 4өөнө 22 арыз түштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 12, майыптыгы боюнча - 3, оорусу боюнча - 7;

Чүй облусу боюнча 6 УШКдан бирөөнө 13 арыз түштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 6, оорусу боюнча - 7.

Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:

  1. добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
  2. алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –

  1. добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
  2. добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
  3. жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
  4. вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.

Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 
 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>