Башкы Жаңылыктар КР БШК Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй …

КР БШК Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады

30-Мар, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жанареферендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 30-мартында 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесиншайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/мамлекеттик порталына жарыялады.

2023-жылдын 30-мартына карата абал боюнчаайрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесиндегишайлоочулардын саны 72009 адамды түзөт, анын ичинде, эркектер – 36233, аялдар – 35776 же тийиштүүлүгүнө жараша 50,31% и 49,69%.

2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмелери Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды жана шайлоо участокторуна илинди.

Урматтуу шайлоочулар, өзүңүздүн шайлоо участогуңузду (номерин жана дарегин) тактай аласыз:

• шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/мамлекеттик порталынан;
• 1255 же 119 кыска номерине телефон чалууменен (чалуу акысыз);
• өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялыкжеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлооучастогуңуздун номери жана дареги тууралуужооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жаначалуу акысыз).

Муну билүү маанилүү! Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине айылдык аймактын, шаар аймагынын – жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү киргизилет.Жергиликтүү жамааттагы мүчөлүк жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандынпаспортундагы белги менен аныкталат (Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 2-бер., 12-бер.).

Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн жарандын жашаган жерин каттоо дареги паспортундагы жашаган жеринин көрсөтүлгөн дарегине/чиптеги жазуусуна дал келүүсү керек.

Добуш берүүнү өткөрүү убактысы 2023-жылдын 9-апрелинде саат 08.00дөн 20.00гө чейин.

(Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун милдеттүү түрдө ала барышы керек)

ТАТЫКТУУЛАРДЫ ТАНДОО МЕНЕН ӨНҮГҮҮНҮ ТАНДАЙБЫЗ!

2023-жылдын 30-мартына карата шайлоочулардын саны тууралуу маалымат.

Облус, аймактык шайлоо

комиссиялары,

айылдык кеңештер

УШК

саны

Шайлоочулардыналдын

алатизмеси

Шайлоочулардынконтроллук

тизмеси

 

Шайлоочулардын биротоло

тизмеси

бардыгы:

53

71696

71884

72009

Ош облусу

19

26863

26938

26977

Ноокат АШК

8

10768

10776

10821

Н.Исанов айылдык кеңеши

8

10768

10776

10821

Кара-Суу АШК

7

12220

12265

12273

Отуз Адыр айылдык кенеши

7

12220

12265

12273

Алай АШК

2

1783

1788

1777

Кабылан-Көл айылдык кеңеши

2

1783

1788

1777

Кара-Кулжа АШК

2

2092

2109

2106

Кеңеш айылдык кеңеши

2

2092

2109

2106

Баткен облусу

13

16045

16106

16178

Баткен АШК

13

16045

16106

16178

Ак-Татыр айылдык кеңеши

3

4031

4049

4083

Самаркандек айылдык кеңеши

5

7524

7549

7568

Ак-Сай айылдык кеңеши

5

4490

4508

4527

* Нарын облусу

9

10217

10237

10244

Жумгал АШК

9

10217

10237

10244

Көк-Ой айылдык кеңеши

3

2048

2050

2054

Чаек айылдык кеңеши

6

8169

8187

8190

Чүй облусу

6

9032

9051

9065

Жайыл АШК

2

2717

2720

2725

Кызыл-Дыйкан айылдыккеңеши

2

2717

2720

2725

Аламүдүн АШК

4

6315

6331

6340

Байтик айылдык кеңеши

4

6315

6331

6340

Талас облусу

6

9539

9552

9545

Кара-Буура АШК

6

9539

9552

9545

Шекер айылдык кеңеши

2

3351

3355

3350

Бейшекен айылдык кеңеши

3

3742

3749

3748

Бакыян айылдык кеңеши

1

2446

2448

2447

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>