Башкы Жаңылыктар Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоо бюллетендерин даярдоо аяктады

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоо бюллетендерин даярдоо аяктады

29-Мар, 2023

2023-жылдын 29-мартында «Учкун» ААКсында 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо бюллетендерин даярдоо аяктады. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, бюллетендер даярдалып, добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күн калганда аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.

Айылдык жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 63 913 бюллетень даярдалды. 53 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

Аламүдүн АШКсына 6343 бюллетень, анын ичинде 3173 – кыргыз тилинде, 3170 – орус тилинде, Жайыл АШКсына – 2724 бюллетень, анын ичинде 1824 – кыргыз тилинде, 840 орус тилинде, Кара-Буура АШКсына – 9560 бюллетень, Жумгал АШКсына – 10241 бюллетень, Кара-Суу АШКсына – 12273 бюллетень, Ноокат АШКсына – 10794 бюллетень, Кара-Кулжа АШКсына – 2108 бюллетень, Алай АШКсына – 1793 бюллетень, Баткен районунун Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоого Баткен АШКсына – 8077 бюллетень жөнөтүлдү.

Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо пилоттук режимде модернизацияланган идентификациялык түзүлүштөрдү пайдалануу менен апробациядан өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу шайлоо бюллетендерин даярдоо добуш берүү күнү модернизациялаган идентификациялык түзүлүштөрдү колдонуу менен жүргүзүлөт.

Курамында БШК мүчөлөрү, БШК аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери болгон жумушчу топ “Учкун” ААКта бюллетендерди басуу процессине тынымсыз (күнү-түнү) байкоо жүргүздү. “Учкун” ААКтын басып чыгаруу цехинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган бюллетендерди тесттен өткөрүүчү жабдыктардын комплекти орнотулган. Кайтаруу УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан камсыздалды.

Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы корголуусу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын белги коюлат.

Жараксыздарын алып салгандан кийин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган 61 килограмм бюллетень жок кылынды. Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин БШК мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин КР БШКнын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат.

Шайлоо бюллетендерин басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан алып чыгууга, ошондой эле мыйзам талаптарын бузуу менен шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү


Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>