КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

27 марта 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында Сокулук, Жайыл, Кара-Кулжа жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутатынын мандаты  Арыкбаева Зейнагуль Сансызбековнага өткөрүп берилди. 

Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Байышбаев Абдусамат Сайпидиновичтин (№2, «Күчтүү-Коом» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Качкынбеков Актан Саматовичке (№8, «Күчтүү Коом» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Базарбаев Турат Оморбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алымбеков Ибрагим Абдыкапаровичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылдык кеңешинин депутаты Осмон уулу Нуралынын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Махмудов Таштемир Исакбаевичке өткөрүлүп берилди.

Мандат Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаты Кулмурзаева Аида Күчүкбаевнага өткөрүлүп берилди.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбек айылдык кеңешинин депутаты Матисаев Шавкатбек Амиракуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Каратаев Орунбай Аланбаевичке өткөрүп берилди.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Джунушев Тилек Догдурбековичти (№7, «Күчтүү Коом» саясий партиясы) Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин, Темирбек уулу Бактиярды Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү