Башкы Жаңылыктар Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарынын дээрлик 600 …

Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарынын дээрлик 600 тургуну 2 мобилдик топтун жардамы менен КТБ (ЦОН) кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланды

10-Мар, 2023

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүчү Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарынын дээрлик 600 тургуну 2 мобилдик топтун жардамы менен КТБ (ЦОН) кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланды.

Биометрикалык каттоодон өтүүдө, паспорт алмаштырууга документтерди берүүдө, туруктуу жашаган жери боюнча каттоодо, булуттук электрондук кол тамга алууда кыйынчылыкка туш болуп жатышкан жергиликтүү калктын кайрылуусу боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан мобилдик топтор түзүлгөн.

Мобилдик топтор 4-10-март күндөрү Ак-Сай, Үч-Дөбө, Таш-Тумшук, Миң-Өрүк, Миң-Булак, Көк-Таш, Самаркандек, Орто-Сай, Паскы-Арык, Жаңы-Бак, Орто-Боз, Ак-Татыр жана Рават айылдарында болушту.

Мобилдик топтордун жардамы менен 2 адам биометрикалык каттоодон өттү, 45и – паспорт алмаштырууга документтерди тапшырды, 91и – жашаган жери боюнча катталды, 2өө – ПИН алды, республиканын 577 жараны булуттук электрондук кол тамга алды. КТБ (ЦОН) бардыгы 720 кызмат көрсөттү.

Жергиликтүү тургундарга алдыдагы шайлоо жөнүндө, айрыкча электрондук түрдө добуш берүү боюнча маалымат, кеңеш берилди.

«Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы №19 ПЖ Жарлыгын аткаруу үчүн БШК Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациялоо чечимин кабыл алганын белгилей кетели.

Маалымат үчүн:

Самаркандек айылдык кеңешинде контролдук тизмеде шайлоочулардын саны 7 549 адамды түзөт. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.

Ак-Татыр айылдык кеңешинде контролдук тизмеде шайлоочулардын саны 7 549 адамды түзөт. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.

Ак-Сай айылдык кеңешинде контролдук тизмеде шайлоочулардын саны 4 508 адамды түзөт. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде 7 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.

Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарында КТБ (ЦОН) кызмат көрсөтүүлөр боюнча мобилдик топтордун маалыматы

№

Айыл  аймагынын аталышы

Айылдын аталышы

Жашаган жери боюнча каттоо

Паспорт алмаштыруу

Биометри-калык каттоо

Жеке  

идентифи-кациялык

номер

(ПИН) берүү

Идентификациялоонун  «Түндүк»          Бирдиктүү                       тутумунда           каттоо  жана      булуттук    электрондук                кол тамга                 берүү

 

Бардыгы

 

91

45

2

5

577

1

Ак-Сай

Ак-Сай

2

 

 

 

18

Үч-Дөбө

 

 

 

 

25

Таш-Тумшук

11

 

 

 

25

Миң-Булак

 

 

 

 

22

Көк-Таш

 

 

 

 

15

2

Самаркандек

Самаркандек

34

18

 

5

103

Орто-Сай

6

4

 

 

75

Паскы-Арык

4

4

 

 

110

Миң-Өрүк

 

4

2

 

48

Жаңы-Бак

5

5

 

 

42

3

Ак-Татыр

Орто-Боз

26

 

 

 

10

Ак-Татыр

3

5

 

 

50

Рават

 

5

 

 

34

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>