Башкы Жаңылыктар КР БШК шайлоо 2023-жылдын 9-апрелинде өтүүчү жергиликтүү кеңештердин …

КР БШК шайлоо 2023-жылдын 9-апрелинде өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрөт

10-Мар, 2023

КР БШК шайлоо 2023-жылдын 9-апрелинде өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрөт.

Талапкерлердин жергиликтүү шайлоого катышуу эрежелери тууралуу кабардар болуусун жакшыртуу жана шайлоонун укук маданиятын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 13-16-март күндөрү талапкерлер үчүн жер-жерлерде окутуу тренингдерин өткөрөт.

Талапкерлер төмөнкү маселелер боюнча маалымат алып, практикалык көндүмгө ээ болушат:

- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

- «Электрондук талапкер» тутумуна талапкерлердин маалыматтарын киргизүү тартиби;

- депутаттыкка талапкерлерди каттоо тартиби, шайлоо фондун жүргүзүү;

- шайлоонун жүрүшүндө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби;

- шайлоо комиссиялары тарабынан арыз, даттанууларды кароо тартиби;

- шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүн укуктук жоопкерчилик;

- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо колдонулуучу КР БШКнын  маалымат ресурстары.

Тренингдерди өткөрүү графиги:

№

Датасы жана убактысы

Жергиликтүү  кеңештердин аталышы

Тренинг өткөрүлүүчү жер

Ош облусу Кара-Кулжа району

  1.  

 

13.03.2023-ж. саат

10.00дөн  15.00гө чейин

Кеңеш айылдык кеңеши (11 мандат)

Кеңеш айылы,

Шерматов көч, 14

Кеңеш айыл өкмөтүнүн имараты

 

Ош облусу Кара-Суу району

  1.  

14.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

 

Отуз-Адыр айылдык кеңеши   

(21 мандат)

Отуз-Адыр айылы,

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн имараты

Ош облусу Ноокат району

  1.  

 

15.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

Н. Исанов айылдык кеңеши

(31 мандат)

Жаңы-Базар

айылы, Н. Исанов көч, 1

Н. Исанов айыл өкмөтүнүн имараты

 

Ош облусу Алай району

  1.  

 

16.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

 

Кабылан-Көл айылдык кеңеши

(11 мандат)

Кабылан-Көл айылы,

Мурзаев көч,  25,

Мурзаев атындагы орто мектептин имараты

 

Баткен облусу Баткен району

  1.  

 

14.03.2023-ж. саат 14.00дөн  17.00гө чейин

Ак-Татыр айылдык кеңеши

(21 мандат)

Ак-Татыр,

айылы,Тургунбай Сыдыков көч,  119, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн имараты (ЖБжСББ)

  1.  

 

15.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

 

Самаркандек айылдык кеңеши

(21 мандат)

 

Самаркандек,

айылы, И. Раззаков көч,  8, Самаркендек айыл өкмөтүнүн имараты (ЖБжСББ)

  1.  

16.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

Ак-Сай айылдык кеңеши

(21 мандат)

Ак-Сай айылы,

Ш. Ганы атындагы орто мектептин имараты

Талас облусу Кара-Буура району

  1.  

 

13.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00 гө чейин

Шекер айылдык кеңеши

(21 мандат)

Шекер,

айылы, Момбеков көч,  46

Т. Айтматов атындагы орто мектептин имараты

  1.  

 

14.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

 

Бейшеке айылдык кеңеши

(21 мандат)

Бейшеке,

айылы, Алыкулов көч,  19

Бейшеке айыл өкмөтүнүн имараты

 

  1.  

 

15.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

Бакыян айылдык кеңеши

(11 мандат)

Бакыян,

айылы,Манас көч, 19

Бакыян айыл өкмөтүнүн имараты

 

Чүй облусу Жайыл району

  1.  

 

13.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши

(11 мандат)

Петропавловка айылы,

Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн имараты, Петропавловка атындагы орто мектептин имараты

Чүй облусу Аламүдүн району

  1.  

14.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

Байтик айылдык кеңеши

(21 мандат)

Байтик айылы,

Байтик айыл өкмөтүнүн клубунун имараты

Нарын облусу Жумгал району

  1.  

 

15.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

 

 

Чаек айылдык кеңеши (21 мандат)

 

Чаек

айылы,Э. Матыев көч, 127,

райондук мамадминистрациянын имараты

(ЖБжСББ)

  1.  

16.03.2023-ж. саат 10.00дөн  15.00гө чейин

 

Көк-Ой айылдык кеңеши

(11 мандат)

 

Көк-Ой,

Көк-Ой айыл өкмөтүнүн имараты

айыл окмоту

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>