Башкы Жаңылыктар 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, …

2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

10-Мар, 2023

2023-жылдын 9-мартында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

14 айылдык кеңешке бардыгы 254 депутат шайланат, анын ичинде 97 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.

Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 493 адам, анын ичинде 174 аял-талапкер көрсөтүлдү.

Документтер кабыл алына баштаган күндөн тартып 10 календарлык күн ичинде – 2023-жылдын 20-мартына чейин аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерүүдөн өткөрөт.

Кыргыз Республикасындагы санариптештирүү саясатынын алкагында талапкерлерди каттоо үчүн «Электрондук талапкер» программасы киргизилген, ал талапкерлерге өз документтерин электрондук түрдө киргизип, маалыматтардын мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул текшерүү “Түндүк” Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу – паспорттук маалыматтар, жергиликтүү жамааттын мүчөлүгү, КР жарандыгы СӨМ менен, жоюлбаган соттуулугунун жоктугу ИИМ менен, жалпы орто билими бар экендиги БжИМ менен ж.б. жүзөгө ашырылат.

Аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди кеңеш берүү жана «Электрондук талапкер» программасын пайдаланууга көмөктөшүү менен камсыздайт.

Ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайызынан кем эмеси аялдар үчүн резервге калтыруу айылдык кеңештерге шайлоодогу маанилүү өзгөчөлүк болуп саналат.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 2023-жылдын 20-мартына чейин жүргүзүлөт, андан кийин үгүттү жүргүзүү башталат.

Айылдык кеңештерге шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү 2023-жылдын 20-мартында башталып, 2023-жылдын 8-апрелинде саат 8.00дө аяктайт.

2023-жылдын 9-апрелинде 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Округдар боюнча айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө маалымат:

№ Айылдык  кеңештин аталышы УШК саны Шайлоо  округунун аталышы Мандаттар саны Аялдар үчүн резерв Көрсөтүлгөн  талапкерлердин саны Анын ичинде:
Өзүн өзү  көрсөтүү Саясий партиядан Аялдар 
  Бардыгы:  53 42 254 97 493 493   174
Баткен облусу
  Бардыгы:  13 9 63 24 103 103   33
Баткен АШК
  Бардыгы:  5 3 21 7 29 29   9
1 Ак-Сай 1 №1  Ак-Сай шайлоо округу (№8064 УШК) 6 2 8 8   2
2 2 №2  Көк-Таш шайлоо округу (№8063, 8219 УШК) 9 3 10 10   3
3 2 №3  Үч-Дөбө шайлоо округу (№8062,8198 УШК)  6 2 11 11   4
  Бардыгы:  3 3 21 8 29 29   8
1 Ак-Татыр 1 №1  Ак-Татыр шайлоо округу (№8056 УШК) 11 4 14 14   4
2 1 №2  Рават шайлоо округу (№8055 УШК) 7 3 11 11   3
3 1 №3  Орто-Боз шайлоо округу (№8061 УШК) 3 1 4 4   1
  Бардыгы:  5 3 21 9 45 45   16
1 Самаркандек 1 №1  Самаркандек шайлоо округу (№8059 УШК) 7 3 14 14   6
2 1 №2  Орто-Сай шайлоо округу (№8058 УШК) 5 2 13 13   4
3 2 №3  Паскы-Арык шайлоо округу (№8060,8186 УШК) 5 2 10 10   3
4 1 №2  Жаңы-Бак шайлоо округу (№8057 УШК) 4 2 8 8   3
Ош облусу
  Бардыгы:  19 15 74 28 166 166   63
Алай АШК
  Бардыгы:  2 3 11 4 23 23   11
1 Кабылан-Көл  1 №1  Кабылан-Көл  шайлоо округу (№5143 УШК) 8 3 18 18   9
2 1 №2  Күңгөй шайлоо округу (№5439 УШК) 3 1 5 5   2
Ноокат АШК
  Бардыгы:  8 7 31 11 60 60   20
1 Н. Исанов 2 №1  Чеч-Дөбө шайлоо округу (№5372,5487 УШК) 5 2 7 7   3
2 1 №2  Жар-Коргон  шайлоо округу (№5373 УШК) 6 2 12 12   3
3 1 №3  Кошчан шайлоо округу (№5374 УШК) 5 2 10 10   3
4 1 №4  Жаңы-Базар шайлоо округу (№5375 УШК) 3 1 7 7   2
5 1 №5  Күнгөй-Кожоке шайлоо округу (№5486 УШК) 6 2 12 12   4
6 1 №6  Кара-Баш шайлоо округу (№5569 УШК) 3 1 7 7   3
7 1 №7  Чынкараев шайлоо округу (№5570 УШК) 3 1 5 5   2
Кара-Кулжа АШК
  Бардыгы:  2 2 11 5 25 25   10
1 Кеңеш 1 №1  Кеңеш шайлоо округу (№5016 УШК) 7 3 17 17   6
2 1 №2  Пор шайлоо округу (№5471 УШК) 4 2 8 8   4
Кара-Суу АШК
  Бардыгы:  7 3 21 8 58 58   22
1 Отуз-Адыр 2 №1  Борбордук шайлоо округу (№5184, 5446 УШК) 9 3 24 24   11
2 2 №2  Кара-Дөбө шайлоо округу (№5185,5186 УШК) 5 2 17 17   7
3 3 №3  Кыш-Абад шайлоо округу (№5189,5190,5447 УШК) 7 3 17 17   4
Талас облусу
Кара-Буура АШК
  Бардыгы:  6 6 53 19 93 93   29
  Бардыгы:  2 2 21 7 35 35   11
1 Шекер 1 №1  Арчагул  шайлоо округу (№6024 УШК) 6 2 14 14   3
2 1 №2  Шекер шайлоо округу (№6025 УШК) 15 5 21 21   8
  Бардыгы:  3 3 21 8 42 42   13
1 Бейшеке 1 №1  Кара-Буура шайлоо округу (№6046 УШК) 5 2 7 7   4
2 1 №2  Бейшеке шайлоо округу (№6047 УШК) 7 3 15 15   4
3 1 №3  Кара-Суу шайлоо округу (№6048 УШК) 9 3 20 20   5
  Бардыгы:  1 1 11 4 16 16   5
1 Бакыян 1 №1  Бакыян шайлоо округу (№6049 УШК) 11 4 16 16   5
Чүй облусу
  Бардыгы:  6 6 32 14 62 62 0 23
Жайыл АШК
  Бардыгы:  2 2 11 5 18 18   7
1 Кызыл-Дыйкан 1 №1  Петропавловка шайлоо округу (№7322 УШК) 7 3 12 12   5
2 1 №2  Кызыл-Дыйкан шайлоо округу (№7323 УШК) 4 2 6 6   2
Аламүдүн АШК
  Бардыгы:  4 4 21 9 44 44   16
1 Байтик 1 №1  Байтик шайлоо округу (№7202 УШК) 8 3 12 12   5
2 1 №2  Кашка-Суу шайлоо округу  (№7203 УШК) 4 2 10 10   5
3 1 №3  Арчалы шайлоо округу (№7204 УШК) 7 3 18 18   5
4 1 №4  Башкара-Суу шайлоо округу (УШК №7205) 2 1 4 4   1
Нарын облусу
  Бардыгы:  9 6 32 12 69 69   26
Жумгал АШК
  Бардыгы:  6 4 21 8 47 47   17
1 Чаек 2 № Ак-Татыр, 1  Ак-Секи  шайлоо округу (№4114, 4115 УШК) 9 3 19 19   7
2 1 №2  Чаек шайлоо округу (№4116 УШК) 4 2 9 9   4
3 1 №3  Шортон шайлоо округу (№4117 УШК) 3 1 8 8   3
4 2 №4  Кара-Жээк, Беш-Терек шайлоо округу (№4118, 4119 УШК) 5 2 11 11   3
  Бардыгы:  3 2 11 4 22 22   9
1 Көк-Ой 1 №1  Көк-Ой шайлоо округу (№4121 УШК) 9 3 17 17   6
2 2 №2  Эмел-Арал шайлоо округу (№4122, 4123 УШК) 2 1 5 5   3

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>