Башкы Жаңылыктар КР БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, …

КР БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады

09-Мар, 2023

Шайлоочулардын контролдук тизмеси "Тизме" мамлекеттик порталында жайгаштырылып жана шайлоо участокторунда илинди.

2023-жылдын 5-мартына карата контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны - 71 884 шайлоочуну түздү, анын ичинен эркектер - 36 133, аялдар - 35 751 шайлоочу же тиешелүү түрдө 50,26% жана 49,73%.

Алдын ала тизмедеги шайлоочулардын тизмесине салыштырмалуу контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 188 шайлоочуга өстү.

Урматтуу шайлоочулар!

2023-жылдын 18-февралынан тартып 24-мартына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуу акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) Сиз паспортуңуздун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Ошондой эле арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык-шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын баардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 2-бер. 41-абз.; 12-бер.1-бөл.).

2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын шайлоосу.

2023-жылдын 5-мартына карата шайлоочулардын саны боюнча маалымат.

 
 

Облус, аймактык шайлоо комиссия, айылдык кеңеш

УШК саны

Алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны 8.02.2023

Контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 5.03.2023

 
 

Баардыгы:

53

71696

71884

 

Ош облусу

19

26863

26938

 

Ноокат АШК

8

10768

10776

 

Н.Исанов айылдык кеңеш

8

10768

10776

 

Кара-Суу АШК

7

12220

12265

 

Отуз-Адыр айылдык кеңеш

7

12220

12265

 

Алай АШК

2

1783

1788

 

Кабылан-Көл айылдык кеңеш

2

1783

1788

 

Кара-Кулжа АШК

2

2092

2109

 

Кеңеш айылдык кеңеш

2

2092

2109

 

Баткен облусу

13

16045

16106

 

Баткен АШК

13

16045

16106

 

Ак-Татыр айылдык кеңеш

3

4031

4049

 

Самаркандек айылдык кеңеш

5

7524

7549

 

Ак-Сай айылдык кеңеш

5

4490

4508

 

 Нарын облусу

9

10217

10237

 

Жумгал АШК

9

10217

10237

 

Кок-Ой айылдык кеңеш

3

2048

2050

 

Чаек айылдык кеңеш

6

8169

8187

 

Чүй облусу

6

9032

9051

 

Жайыл АШК

2

2717

2720

 

Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеш

2

2717

2720

 

Аламүдүн АШК

4

6315

6331

 

Байтик айылдык кеңеш

4

6315

6331

 

Талас облусу

6

9539

9552

 

Кара-Буура АШК

6

9539

9552

 

Шекер айылдык кеңеш

2

3351

3355

 

Бейшеке айылдык кеңеш

3

3742

3749

 

Бакыян айылдык кеңеш

1

2446

2448

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>