БШК өкүлдөрү Европа Кеңешинин делегациясы менен расмий жолугушту

13 ноября 2013

Бүгүн, 2013-жылдын 13-ноябрында БШК төрагасынын орун басары Г. Джурабаева жетектеген Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясынын жана курамына Тышкы байланыштар департаментинин бөлүм башчысы И. Вогль, программалардын башкы директоратынын офисинин башчысы П.Моралес, программалардын башкы директоратынын офисинин кеңешчиси К.Маркова, Европа Кеңешинин эксперти, ошондой эле Венеция комиссиясынын өкүлү С.Кузнецов кирген Европа Кеңешинин делегациясынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын жана шайлоо укуктарды өркүндөтүү зарыл аспекттери каралды.

Европа Кеңешинин делегациясынын мүчөлөрү учурдагы өлкөдөгү шайлоо процессти өркүндөтүү боюнча демилгелерди колдоого алышты жана ушул багытта өз ара аракеттенүү боюнча сунуштар жана кепилдемелер тууралуу пикир алышты.

Жолугушуу учурунда делегациялар бир канча келишимдерге жетишип, алардын жүзөгө ашыруусу Европалык Союзу менен кызматташтыктын алкагында мындан ары сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө улантылат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын
басма сөз кызматы