Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин …

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 15 талапкерден арыз түштү, алардын 10 өзүн-өзү көрсөткөндөр

20-Июл, 2011

2011-жылдын 20-июлуна карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүлүү ниети жөнүндө арыздар менен төмөнкүлөр кайрылышкан: Өмүрбек Эгембердиев, 1956-жылы туулган, “Инсанат” эл аралык фондусунун президенти;  Улукбек Бабакулов, 1971-жылы туулган, “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-жылы туулган, убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-жылы туулган, КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-жылы туулган, “Азамат Компани” ЖЧКнын башкы директору; Курманбек Осмонов, 1953-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-жылы туулган, убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарыкеев, 1961-жылы туулган, убактылуу иштебейт; Игорь Трофимов, 1975-жылы туулган,; “Сергей Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору” ЖЧКнын башкы директору;  Барктабас Аземкулов, 1967-жылы туулган, КР Аскердик сотунун судьясы.

            Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор беш саясий партиядан түшкөн:

            Кыргызстан коммунисттер партиясы президенттикке Исхак Масалиевди, “Ата-Журт” партиясы – Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан (“Единый Кыргызстан”) – Адахан Мадумаровду, “Партия Зеленых Кыргызстана” – Эркин Булекбаевди, “Эл үчүн” (“За народ”) партиясы – Арстанбек Абдылдаевди көрсөткөн.

            Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>