Курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкери кирген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы 2013-жылдын 30-октябрында Грузия Президентин шайлоого байкоо жүргүзүп келди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы тарабынан чакырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын байкоочуларынын айтымында шайлоо өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, ачык жана таза өттү.
Грузиянын Президенти болуп Георгий Маргвелашвили шайланды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын
басма сөз кызматы