Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарынын жана Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 21-ноябрына дайындалды

04 ноября 2013

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму өттү, анда Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарынын жана Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 21-ноябрына дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды. 

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэри Турдубеков Ж.С. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 27-сентябрындагы №465-б. буюрмасы менен ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы  Вулянчин Г. Дж. берген арызынын негизинде Чүй облусундагы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 2013-жылдын 3-сентябрындагы № 62-б. буюрмасы менен ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын
басма сөз кызматы