БШК БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында талапкерлер жана саясий партиялар үчүн тренингдерди өткөрөт

06 марта 2022

Жергиликтүү шайлоого катышуу эрежелери тууралуу кабардар болуусун жакшыртуу жана шайлоонун укук маданиятын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-мартынан 15-мартына чейин талапкерлер жана саясий партиялар үчүн окутуу тренингдерин өткөрөт.

Шайлоо өтө турган шаарлардагы жана айылдардагы талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү төмөнкү маселелер боюнча маалымат жана практикалык көндүм алышат:

- шаардык жана айылдык кеңештерде шайлоонун өзгөчөлүктөрү, 16 жергиликтүү кеңеште өтүүчү шайлоого катышуунун мыйзамдык негиздери;

- КР БШКнын маалыматтык ресурстары – «Электрондук талапкер» тутумунда каттоо, шайлоочулардын тизмелеринин порталы, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды көрсөтүү, добуш берүүнүн катышуучуларын эсепке алуу;

- талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби;

- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери;

- шайлоо талаш-тартыштары: аларды кароо жана чечүү тартиби;

- шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү эрежелери;

- КР шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.

 

Окутуу өтүүчү жер жана

жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Окутуу өтүүчү дата

  1.  

Кара-Балта ш.,мэрия имараты

(Жайыл АШК)

09.03.2022

  1.  

Александровка а/к

маданият үйүнүн имараты (Москва АШК )

10.03.2022

  1.  

Сокулук а/к

раймамадмин. имараты (Сокулук АШК )

11.03.2022

  1.  

Жаңы-Алыш а/к, Кара-Булак а/к,

Көк-Ойрок а/к.

раймамадмин. имараты (Кемин АШК )

12.03.2022

  1.  

Кажы-Сай а/к (Тоң АШК )

14.03.2022

  1.  

Казыбек а/к

маданият үйүнүн имараты

Ат-Башы АШК )

10.03.2022

  1.  

Тоголок-Молдо а/к айыл өкмөтүнүн имараты

(Ак-Талаа АШК )

11.03.2022

  1.  

Токтогул ш.,

раймамадмин. имараты (Токтогул АШК )

10.03.2022

  1.  

Таш-Көмүр ш.,

мэрия имараты (Таш-Кумыр АШК )

11.03.2022

  1.  

Кара-Жыгач а/к

(Аксы АШК )

12.03.2022

  1.  

Көк-Арт а/к

(Сузак АШК )

14.03.2022

  1.  

С. Юсупов а/к

раймамадмин. имараты (Араван АШК )

15.03.2022

  1.  

Ак-Таш а/к,

Төлөйкөн а/к

раймамадмин. Имараты (Кара-Суу АШК )

16.03.2022


 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү