Бүгүн, КР БШК төрагасы Т. Абдраимов Азербайджан Республикасынын Элчиси Г.Х. Оруджев менен расмий жолугушту

02 октября 2013

Бүгүн, 2013-жылдын 2-октябрында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдраимов Туйгунаалы Дуйшеналиевич Кыргызстандагы Азербайджан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оруджев Гидаят Худуш оглы менен расмий жолугушту.

Жолушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Азербайджан Республикасында боло турган Президенттик шайлоого даярдык жана өткөрүү, ошондой эле, Кыргызстандагы Азербайджан Республикасынын Элчилигинин имаратында Азербайджандын жарандары үчүн шайлоо күнү добуш берүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү маселелери  талкууланды.

Кошумча маалымат: Оруджев мырза - Азербайджан Республикасынын көркөм өнөргө эмгеги сиңген ишмер, таанымал жазуучу, кырктан ашык чыгарманын автору, көптөгөн сыйлыктардын ээси.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы