Башкы Жаңылыктар БШК шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк …

БШК шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады

29-Дек, 2021

 

БШК «РСК Банк» ААКты жана «Айыл Банк» ААКты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого (БШКнын 2021-жылдын 27-декабрындагы № 838 токтому) катышуу үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо үчүн банк мекемелери катары аныктады.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерине ылайык талапкер талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин (каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындаган талапкерлер үчүн – шайлоо комиссиясы каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катталгандан жана каттоо күбөлүгүн тапшыргандан кийин) өзүнүн шайлоо фондун түзөрүн БШК эске салат. Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банк мекемесиндеги атайын эсепке которулат. Атайын эсеп БШКнын уруксаты менен талапкер тарабынан ачылат.

Каттоо үчүн талапкер шайлоо фондунун атайын эсебинен БШКнын депозит эсебине 100 000 сом суммасында шайлоо күрөөсүн төгөт, 27 календарлык күн калгандан кечиктирбестен жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.00гө чейин (30.01.2022-ж. саат 18.00гө чейин) БШКга шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн күбөлөндүргөн документти тапшырат.

Шайлоо фонду төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин 150 000 сомдон ашпаган өз каражаттарынан;

- саясий партиянын 1 000 000 сомдон ашпаган өз каражаттарынан;

- жеке адамдардын 200 000 сомдон ашпаган ыктыярдуу берүүлөрүнөн;

- укуктук жактардын 500 000 сомдон ашпаган ыктыярдуу берүүлөрүнөн.

Талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана андан чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 10 000 000 сомдон ашпашы керек.

Атайын эсеп ачуу жана шайлоо фондун түзүү жөнүндо кыйла кененирээк «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө» Жободо камтылган, аны менен БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтындагы БШКнын ченемдик укуктук актылары/БШКнын жоболору бөлүгүнөн төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышса болот: https://www.shailoo.gov.kg/ru/npacik/Polojeniya_CIK_KRBShKnyn_Joboloru/polozhenie-o-poryadke-formirovaniya-ucheta-postupleniya-i-rashodovaniya-denezhnyh-sredstv-izbiratelnogo-fonda-politicheskoj-partii-pri-provedenii-vyborov-deputatov-zhogorku-kenesha-kyrgyzskoj-respubliki/ или

https://www.shailoo.gov.kg/kg/npacik/Polojeniya_CIK_KRBShKnyn_Joboloru/polozhenie-o-poryadke-formirovaniya-ucheta-postupleniya-i-rashodovaniya-denezhnyh-sredstv-izbiratelnogo-fonda-politicheskoj-partii-pri-provedenii-vyborov-deputatov-zhogorku-kenesha-kyrgyzskoj-respubliki/

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>