Башкы Жаңылыктар Добуштарды кайра саноо аяктады: АЭУнун жана кол менен …

Добуштарды кайра саноо аяктады: АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы жыйынтыктары ырасталды

14-Дек, 2021

2021-жылы 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча 12 шайлоо округундагы шайлоо участокторунда КР БШК мүчөлөрүнүн катышуусунда шайлоочулардын добуштарын кайталап саноо болуп өттү.

Жалал-Абад облусунда:

- №19 Токтогул округунда (БШК мүчөсү Наспеков М.Д.),

- №13 Сузак округунда (БШК мүчөсү Жумалиева А.К.)

- №14 Жалал-Абад округунда (БШК мүчөсү Жумалиева А.К.)

Ош облусунда:

- №4 Көк-Жар округунда (БШК мүчөсү Шайназаров Т.У.),

-№6 Араван округунда (БШК мүчөсү Шайназаров Т.У.),

- №7 Ош округунда (БШК мүчөсү Жылкыбаев У.К.),

- №8 Төлөйкөн округунда (БШК мүчөсү Жылкыбаев У.К.)

Нарын облусунда:

- №32 Кочкор округунда (БШК мүчөсү Жупуева А.С.),

Ысык-Көл облусунда:

- Ысык-Көл округунда (БШК мүчөсү Гайпкулов И.Т.).

Талас облусунда:

- №20 Манас округунда (БШК мүчөсү Дубанбаева А.С.),

- №21 Талас округунда (БШК мүчөсү Дубанбаева А.С.),

Чүй облусунда:

- №30 Ысык-Ата округунда (БШК мүчөсү Бекматов А.Г.).

Бул шайлоо округдары шайлоо участокторунан алынган протоколдордун көчүрмөлөрү жарыялангандан кийин саясий партиялар берген арыздардын негизинде КР БШКнын чечими менен бекитилген.

БШК буга чейин кабыл алган чечим боюнча Ош облусунун Ноокат округунда дагы кайра эсептөө мерчемделген, бирок “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2021-жылы 10-декабрда партиянын арызынан калган 6 участок боюнча талабын кайра чакыртып алды.

Кайра саноонун протоколдору АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтарынын так экендигин көрсөттү, кол менен саноонун жана АЭУнун ортосунда жалпысынан айырмачылык болбогондугун күбөлөндүрдү.

Кайра саноо саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду, бул округдук комиссиялардын иштеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылды. Ар бир байкоочу добуштарды саноонун тууралагына жана округдук шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколу туура түзүлгөндүгүнө жеке өзү ынануусуна мүмкүнчүлүк алда.

№4 Көк-Жар шайлоо округунда №5412, 5408 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.

Бюллетендерди кайра саноо убагында КР БШК төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаров, “Ынтымак”, “Ата-Журт” саясий партияларынын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышты.

Кайра саноонун жыйынтыктары БШКнын сайтына жарыяланган АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы маалыматтарынын аныктыгын ырастады, протокол түзүлдү.

№6 Араван шайлоо округунда №№5339, 5240, 5241,5242, 5475, 5512, 5591, 5237, 5238, 5361, 5359, 5481 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.

Бюллетендерди кайра саноо убагында КР БШК төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаров, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, “Альянс”, “Эл Үмүтү”, “Ишеним”, “Ата-Журт” саясий партияларынын өкүлдөрү катышты.

Кайра саноого ылайык АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы маалыматтарынын аныктыгын ырастады. Тиешелүү протокол түзүлдү.

№7 Ош шайлоо округунда №№5292, 5293, 5294, 5295, 5296, 5338 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.

Бюллетендерди кайра саноо убагында КР БШК мүчөсү У.Жылкыбаев, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, “Жалпы иш” коомдук фондунун өкүлү, “Альянс”, “Эл Үмүтү”, “Ишеним”, “Ата-Журт” саясий партияларынын өкүлдөрү, Ош ОШКдагы атайын өкүл, Акипресс маалымат агенттигинин, КТРКнын өкүлдөрү катышты.

Кайра саноого ылайык АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы маалыматтарынын аныктыгын ырастады, тешелүү протокол түзүлүп, катышып отурган бардык адамдар кол коюшту.

№8 Төлөйкөн шайлоо округунда №№5228, 5303, 5316, 5231 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү.

Кайра саноого убагында КР БШК мүчөсү У.Жылкыбаев, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, “Эл Үмүтү” саясий партиясынын өкүлдөрү, “Жалпы иш” коомдук фондунун, Акипресс маалымат агенттигинин өкүлдөрү катышты.

Кайра саноонун жыйынтыктары БШКнын сайтына жарыяланган АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы маалыматтарынын аныктыгын ырастады, протокол түзүлдү.

№13 Сузак шайлоо округунда №№2008 жана 2040 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.

Бюллетендерди кайра саноо убагында КР БШК мүчөсү А.Жумалиева, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, атайын өкүл Т. Омурзаков, “Эл Үмүтү”, “Ата-Мекен”, “Азаттык”, “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партияларынын өкүлдөрү, “Таза шайлоо” коомдук фондунун өкүлү А. Алакулова, Жалал-Абад медиа борборунун өкүлдөрү катышты.

Кайра саноого ылайык буга чейин жарыяланган АЭУнун жана кол менен саноонун баштапкы маалыматтарынын аныктыгын ырастады, тешелүү протокол түзүлдүп.

№14 Жалал-Абад шайлоо округунда №2052 шайлоо участогунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү.

Кайра саноого КР БШК мүчөсү А.Жумалиева, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, атайын өкүл Т. Омурзаков, “Эл Үмүтү”, “Ата-Мекен”, “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партияларынын өкүлдөрү, талапкер Т.Икрамовдун ыйгарым укуктуу өкүлү К.Калбаев, “Жалпы иш” коомдук фондунун өкүлү Б.Анарбаева катышты.

Кайра саноонун маалыматтары боюнча АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары баштапкы маалыматтарга ылайык келе тургандыгы тууралуу тиешелүү протокол түзүлдү.

№19 Токтогул шайлоо округунда №№2229, 2221, 2219, 2220, 2223 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү.

Кайра саноо КР БШК мүчөсү М. Наспековдун, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, Токтогул шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер М. Турсункуловдун, “Ынтымак” саясий партиясынын өкүлдөрүнүн, “Жалпы иш” коомдук фондунун, Акипресс маалымат агенттигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

Кайра саноонун жыйынтыктары АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары БШКнын сайтына жарыяланган АЭУнун баштапкы маалыматтары жана ал участоктордогу кол менен саноонун протоколдорунун маалыматтары менен бирдей экендигин көрсөттү.

№36 Ысык-Көл шайлоо округунда №№3026, 3027, 3029, 3023, 3018, 3021, 3030, 3032, 3037, 3050 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү.

Кайра саноо КР БШК мүчөсү И.Гаипкуловдун, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, “Ынтымак” саясий партиясынан талапкер Б.Турусбековдун, “Жалпы иш” жана “Жарандык иш” коомдук фонддорунун, Акипресс маалымат агенттигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

Шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо комиссиянын катышуусу менен жүргүзүлдү. Кайра саноонун жыйынтыктары боюнча комиссия 5 участоктогу жараксыз бюллетендердин ичинен 1 талаш-тартыштуу бюллетень боюнча партиядан бир талапкер үчүн бюллетендерге киргизүүнү чечти. Бул талапкерлердин же партиялардын участок боюнча да, жалпы эле округ боюнча да позицияларын өзгөрткөн жок. 5 участок боюнча кайра саноо АЭУнун баштапкы маалыматтарынын жана кол менен саноонун маалыматтарынын өзгөрүүсүз тактыгын ырастады. Кайра саноонун жыйынтыктары АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары так экендигин ырастады, бул тууралуу тиешелүү протокол түзүлдү.

№32 Кочкор шайлоо округунда №№4103, 4104, 4105, 4112, 4115, 4116 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду

Кайра саноо КР БШК мүчөсү А.Жупуеванын, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, “Жалпы иш” коомдук фондунун коомдук байкоочусу Б.Молдалиевдин, атайын өкүл Т.Акимбаевдин, “Ынтымак” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер А.Шыкмаматовдун, бул партиянын башка өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

Кайра саноонун жыйынтыктары боюнча комиссия 2 участоктогу жараксыз бюллетендердин ичинен 1 талаш-тартыштуу бюллетень боюнча партиядан бир талапкер үчүн жарактуу бюллетендерге киргизүүнү чечти. Бул талапкерлердин же партиялардын участок боюнча да, жалпы эле округ боюнча да позицияларын өзгөрткөн жок.

№30 Ысык-Ата шайлоо округунда №№7108, 7408, 7126, 7094, 7142, 7148 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.

Кайра саноо КР БШК мүчөсү А.Бекматовдун, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, “Альянс” саясий партиясынын өкүлдөрүнүн, №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер Д. Будайчиевдин катышуусунда жүргүзүлдү.

Кайра саноонун жыйынтыктары АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары так экендигин ырастады, бул тууралуу тиешелүү протокол түзүлдү.

№20 Манас шайлоо округунда №№6031, 6032, 6034, 6007, 6029, 6033, 6037, 6048 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо уюштурулду.

Кайра саноо КР БШК мүчөсү А.Дубанбаеванын, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, “Жалпы иш” коомдук фондунун коомдук байкоочусу Б.Сатишевдин, ОШК төрагасы К.Токоеванын, атайын өкүл Г.Бекенованын, КР ЖК депутаттыгына талапкер М.Жээнчороевдин, “Альянс” саясий партиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

Кайра саноонун жыйынтыктары АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары так экендигин ырастады, бул тууралуу тиешелүү протокол түзүлдү, ага катышкан бардык адамдар кол коюшту.

№21 Талас шайлоо округунда №№6078, 6086, 6091, 6093, 6095 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү.

Кайра саноо КР БШК мүчөсү А.Дубанбаеванын, участоктук шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, “Жалпы иш” коомдук фондунун өкүлүнүн, ОШК төрагасы Т.Сейтековдун, КР ЖК депутаттыгына талапкер Р.Момбековдун, “Социал-демократтар” саясий партиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду.

Кайра саноонун жыйынтыктары АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары БШКнын сайтына жарыяланган АЭУнун баштапкы маалыматтары жана ал участоктордогу кол менен саноонун протоколдорунун маалыматтары менен бирдей экендигин көрсөттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы жүргүзүлгөн кайра саноо АЭУнун баштапкы маалыматтарынын жана кол менен саноонун так экендигин ырастагандыгын, шайлоо участоктору боюнча да, жалпы эле республикадагы шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарында саясий партиялардын позицияларын да, талапкерлердин да позицияларын өзгөртпөгөндүгүн билдирет.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

       
 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>