Бүгүн КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан уюштурулган тегерек столдун ишине катышты

03 сентября 2013

Бүгүн, 2013-жылдын 3-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов “Немец Бундестагына шайлоо жөнүндө мыйзам  - демократиялык стандарттар жана чакырыктар” темасындагы Фридрих Эберт атындагы ири немец саясий Фонду тарабынан уюштурулган тегерек столдун ишине катышты.

Тегерек столдо 2015-жылда Жогорку Кеңешке боло турган алдыдагы шайлоого тиешелүү маселелер каралды.  Ошондой эле тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Д.Нарымбаев, Германиянын Юстиция министрлигинин экс-министри -  профессор Герта Дойблер-Гмелин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары, шайлоо мыйзамдары боюнча эксперттер ж.б. катышышты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы саламдашуу сөзүн айтып, шайлоо процессин өркүндөтүү жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун, Кыргыз Республикасынын кийинки шайлоолорунун айкындыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу маселелерин талкулоого катышты.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы