Башкы Жаңылыктар ШКУ Миссиясы: Шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирген Кыргыз Республикасынын …

ШКУ Миссиясы: Шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирген Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузуулар болгон жок

30-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча ШКУнун Байкоочулар Миссиясынын билдирүүсү

Миссиянын башчысы – ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Ерик Ашимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) чакыруусу боюнча Шанхай Кызматташтык Уюмунун Байкоочулар Миссиясы (мындан ары - Миссия) 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү жүрүшүнө мониторинг жүргүздү.

Эл аралык байкоочуларды чакыруу Миссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону максималдуу түрдө ачык-айкын, акыйкат жана демократиялуу өткөрүүгө умтулуусу катары бааланат.

1. Миссиянын курамы

Миссиянын курамында 19 байкоочу – илимий, мыйзам чыгаруу жана шайлоо мекемелеринин, ШКУга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ШКУ Катчылыгынын тиешелүү кызматкерлери аккредитациядан өткөн.

2. Миссиянын ишмердиги

Миссия өз функцияларын саясий бейтараптык, объективдүүлүктү жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин сактоо менен, “Президенттик жана/же парламенттик шайлоолорго, ошондой эле референдумдарга ШКУ байкоочуларынын миссиясы жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын бекем кармануу менен жүзөгө ашырды.

2021-жылдын октябрында ШКУ Катчылыгы Миссиянын курамын түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын жана шайлоолорду өткөрүү практикасына терең талдоо жүргүзүүгө киришти.

Миссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча ШКУнун Байкоочулар Миссиясы иштеп чыккан Иш программасына ылайык жүргүзгөн.

Миссия Кыргызстандын БШК жетекчилиги, ошондой эле шаардык, райондук жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү, шайлоочулар, жергиликтүү байкоочулар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын байкоочулар миссиялары менен жолугушту. Миссиянын бардык корутундулары жана бүтүмдөрү Миссиянын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн жеке байкоолорго жана шайлоонун алдында жана шайлоо күнү чогултулган фактылык материалдарга негизделет.

3. Референдум өткөрүүнүн мыйзамдык базасы

Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасынын негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы түзөт.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер

БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 21 саясий партияны каттады: “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Улуттар биримдиги”, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ыйман Нуру”, “Альянс”, “Эл үмүтү”, "Азаттык", "Улуу Журт", "Мекенчил Эл", "Кыргызстандын Биригүү патриоттук партиясы", "Социал-демократтар", "Аруузат – элдик жетишкендик партиясы", "Ордо", "Кыргызстандын либералдык-демократиялык партиясы" «Багыт», «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Легалайз», «Күчтүү регион», «Жашасын Кыргызстан».

Бул партиялар 1004 талапкер көрсөтүшкөн. Мажоритардык система боюнча бир мандаттуу округдар боюнча 282 талапкер катталган.

Ченемдик-укуктук документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 90 депутаттан турат, анын 54ү пропорционалдык система боюнча бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат мажоритардык система боюнча бир мандаттуу округдардан шайланат.

5. Шайлоо алдындагы үгүт

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күнү (2021-жылдын 29-октябры) башталып, добуш берүү күнүнө 24 саат калганда (2021-жылдын 27-ноябры 8:00) аяктады.

Саясий партиялар үгүт иштерин бирдей шарттарда (маалымат каражаттары аркылуу, социалдык аралыкты жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен массалык иш-чараларды уюштуруу, үгүт материалдарын жана КР ченемдин-укуктук актыларында бекитилген башка формаларды чыгаруу жана таратуу аркылуу) жүргүзүшкөн. Мындан тышкары борбордук телеканалда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

6. Заманбап маалыматтык жана санариптик технологияларды колдонуу

Шайлоонун жүрүшүндө КР БШКнын маалыматтык системалары жана сервистери ишке тартылган.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочулар биометрикалык маалыматтардын жардамы менен идентификацияланды, шайлоо участкаларында автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) колдонулду. Шайлоо участкалары талап кылынган сандагы автоматтык эсептөө урналары менен камсыздалган жана байкоочулар визуалдык көзөмөлдөө жүргүзүүсү үчүн атайын жабдуулар (кабиналар, мониторлор, ящиктер) менен жабдылган.

КР БШКнын сайты (shailoo.gov.kg) БШКнын ишмердүүлүгүн ар тараптуу чагылдырып, ошондой эле шайлоонун жүрүшү боюнча толук маалымат берип турду.

“Tизме” мамлекеттик порталында (tizme.gov.kg) шайлоочулардын тизмеси тууралуу маалыматтар шайлоо участкаларынын, райондордун, шаарлардын жайгашуусуна жараша электрондук форматта жайгаштырылды.

«Шайлоочуларды каттоонун бирдиктүү системасы» маалыматтык системасы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы добуш берүүгө катышуулары боюнча шайлоо укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылган.

БШКнын сайтындагы “Даттануулардын жана кайрылуулардын реестринде” шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө келип түшкөн бардык арыздар жана даттануулар, аларды шайлоо комиссиялары жана соттор тарабынан кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар, арыздардын жана даттануулардын сканерден өткөн көчүрмөлөрүн, кабыл алынган чечимдер, сот актыларын көрсөтүү менен онлайн режиминде жайгаштырылган.

Уюлдук телефондор, ошондой эле социалдык түйүндөр жана мобилдик тиркемелер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүү аркылуу шайлоо участкасынын номерин текшерүү мүмкүндүгү үчүн бирдиктүү портал иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө көз салып тура алышат.

7. Добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги БШК менен бирдикте “2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун COVID-19дан коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин” иштеп чыкты.

Бул алгоритмге ылайык, коронавирус инфекциясынын эпидемиясынын шартында шайлоо процессинин катышуучулары жалпысынан социалдык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сакташты.

8. Мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн шарттар

Кыргыз Республикасынын бардык аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бардык конституциялык укуктарын бирдей жана эркин ишке ашыруу үчүн тиешелүү шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга ыңгайлуу маалымат берүү үчүн БШК ар бир шайлоо участогун жана коомдук уюмдарды маалыматтык брошюралар, плакаттар жана башка материалдар менен жабдыган. Ошол эле учурда БШКнын расмий сайтында видеотасмалар (сурдокотормо менен) жана аудио материалдар жайгаштырылган.

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштери

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына кол коюлгандан кийин, БШК өз ишин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын иштелип чыккан Календарлык планына ылайык жүргүзгөн.

Жумушчу топтор төмөнкү багыттар боюнча түзүлгөн: арыздарды жана даттанууларды кароо; шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо; ыкчам аракет кылуу; көзөмөлдүк-ревизиялык; чет өлкөдө убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу; программалык камсыздоону өркүндөтүү; бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын тизмесин түзүү; шайлоо округдарын түзүү; талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү.

Шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн окутуулар уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен 29 мамлекеттеги өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө 59 шайлоо участоктору түзүлдү. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун тизмеси даректери жана байланыш маалыматтары менен БШКнын расмий сайтына жайгаштырылган.

Ошондой эле БШКнын, Кыргызстандын Тышкы иштер жана Санариптик өнүктүрүү министрликтеринин биргелешкен аракеттери менен «Мобилдик топтор» түзүлүп, алар алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын контролдук тизмелери бардык 2494 шайлоо участокторунда (өлкө боюнча 2435 жана чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогунда) илинген, ошондой эле шайлоочулардын «Тизме» - https://tizme.gov.kg/. мамлекеттик порталында жайгашкан.

10. Шайлоо күнү

Кыргызстандын аймагындагы шайлоо процесси тууралуу толук маалымат алуу үчүн Миссиянын мүчөлөрү Бишкек шаарында жана Кыргызстандын башка калктуу конуштарында байкоолорду жүргүзүштү. Ошол эле учурда ШКУнун Миссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинде өткөн шайлоо процессине мониторинг жүргүзүштү.

Миссия шайлоо участогун ачууга даярдоодо, анын ичинде добуш берүүнүн автоматтык эсептөөчү урнасын пломбалоодо катышты. Добуш берүү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлдү. Добуш берүү аяктагандан кийин дароо добуштар саналды.

Миссиянын мүчөлөрү өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө 120дан ашык шайлоо участокторунда болушту.

Байкоо жүргүзүү үчүн шайлоо участогун тандоо Миссиянын мүчөлөрү тарабынан өз алдынча ишке ашырылды. Миссиянын мүчөлөрүнө тигил же бул шайлоо участогуна барууга эч кандай тоскоолдуктар болгон жок.

Участкалык шайлоо комиссияларында документалдык жана маалымат берүүчү адабияттар, байкоочуларды каттоо журналдары, методикалык жыйнактар, нөөмөт графиктери, эвакуациялоо схемалары жана башка документтер толук көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн жүрүшү боюнча Миссиянын өкүлдөрүнө эч кандай даттануулар жана эскертүүлөр түшкөн жок.

11. Негизги жыйынтыктар

Миссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо ачык айкындуулуктун кырдаалында, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунда өткөнүн белгилейт.

Миссия шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирген Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузууну байкаган жок.

Миссия өткөн шайлоолорду ачык-айкын, ишенимдүү жана демократиялык деп тааныйт.

Миссия 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоо Кыргыз Республикасындагы демократиялык процесстерди андан ары өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болгонун белгилейт.

Миссия Кыргыз Республикасынын элин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайт жана өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдөө багытын ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

ШКУга мүчө мамлекеттерден Миссиянын курамына киришкен:

1. Абишева Гульнар Мукангалиевна - Казакстан Республикасы, Алматы шаарынын Алмалы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары;

2. Мамыкин Евгений Владимирович - «Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын инженердик-техникалык борбору» республикалык мамлекеттик ишканасынын департаментинин жетекчиси;

3. Сюэ Гуансен – Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы;

4. Тарик Али - Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн орун басары;

5. Семисотов Николай Петрович - Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Регламент жана парламенттик ишмердүүлүктү уюштуруу боюнча комитетинин мүчөсү;

6. Чепа Алексей Васильевич - Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;

7. Курдюмов Александр Борисович - Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

8. Петренко Юлиана Юрьевна - Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Аппаратынын саясий партиялар менен өз ара иштешүү маселелери жана эл аралык кызматташуу боюнча башкармалыктын башкы консультанты;

9. Салими Носиржон Юсуфзода - Тажикстан Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

10. Шодмонбеков Юсуфбек Рустамбекович - Тажикстан Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

11. Сирожиддинов Шухрат Самариддинович – А. Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин ректору;

12. Хаджиев Ихтияр Бахтиярович - Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын бөлүм башчысы.

ШКУнун катчылыгынан:

1. Логвинов Григорий Семёнович - ШКУнун Башкы катчысынын орун басары;

2. Раханова Минара Слямхановна - кеңешчи (Бишкек шаарындагы ШКУ Миссиясынын координатору);

3. Соатов Шерзод Мухитдинович - биринчи категориядагы эксперт (Бишкек шаарындагы ШКУ Миссиясынын координатору);

4. Чиркеев Данияр Айдарбекович - референт (ШКУнун Миссиясынын катчысы);

5. Ришаб Део – Референт;

6. Куранов Умид Махаммадович - референт.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>