Башкы Жаңылыктар БШК саясий партиялардын өкүлдөрүн чакырып, сайтта маалыматтарды көрсөтүүдөгү …

БШК саясий партиялардын өкүлдөрүн чакырып, сайтта маалыматтарды көрсөтүүдөгү механикалык ката тууралуу толук маалымат берет

29-Ноя, 2021

Бул тууралуу КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова 2021-жылы 29-ноябрда КР БШКнын имаратынын жанында чогулган, парламенттик  шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылып, билдирди.

БШК ыйгарым укуктуу органдын сайтында маалыматтарды көрсөтүүдө кетирилген механикалык ката үчүн кечирим сурайт.

Бирок биз ар бир АЭУда колдонулуучу добуштарды саноо тутумунун аныктыгын кепилдейбиз. Ар бир АЭУдан алынуучу маалыматтардын жыйындысынын программасы жана анын сайтта учурдагы көрсөтүлүүсү так жана туура иштөөдө.

Азыркы кезде добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары гана элге жарыяланды, алар шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык юридикалык мааниге ээ эмес алдын ала маалымат болуп саналат.

Конституциялык мыйзамга ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтарынын натыйжасы боюнча белгиленет.

Учурда кол менен эсептөөнүн протоколдору келип түшүүдө жана түшкөнүнө жараша мыйзамда белгиленген тартипте сайтта жана шайлоо маалыматтык тутумунда жарыяланып турат.

Маалымат үчүн:

Саат 18:15ке карата абал боюнча 410 УШКдан кол менен эсептөөнүн протоколдору келип түштү, бул бүт өлкөдө түзүлгөн  шайлоо участокторунун жалпы санынын (2435) 16,44 пайызын түзөт.

Эгерде участоктордогу бузуулардын кандайдыр бир учурлары боюнча даттанууңуз болсо, аны тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына жөнөтүңүз. Ар бир  даттануу белгиленген тартипте каралат.

БШК саясий партиялардын жана ЖМКлардын өкүлдөрүн чакырып, сайтта маалыматтарды көрсөтүүдөгү механикалык катанын себептери тууралуу толук маалымат берет.

Маалымат:

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, шайлоо маалыматтык тутум аркылуу алынган добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар юридикалык мааниге ээ эмес, алдын ала маалыматтар болуп саналат, шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>