Башкы Жаңылыктар Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин …

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

29-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу маалымдайт.

2 494 автоматтык эсептөөчү урналардан 2 261 АЭУдан маалымат алынды, бул  90,66%ды түзөт.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүгө келгендер: шайлоочулардын тизмесинде катталган 3 703 420 шайлоочудан 1 276 014 шайлоочу, бул шайлоочулардын жалпы санынын 34,46%ын түзөт.   

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого 21 саясий партиядан 1006 талапкер катышты. 

Саат 22.00гө карата автоматтык эсептөөчү урналардын маалыматы боюнча шайлоочулардын добуштары төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: 

  1. «Ата-Мекен» - 41 056 шайлоочу же 3,45%
  2. “Бүтүн Кыргызстан” – 79 840 шайлоочу же 6,71%,
  3. «Альянс» - 96 642 шайлоочу же 8,12%,
  4. «Легалайз» - 7 347  шайлоочу же 0,62%,
  5. «Ыйман Нуру» - 71 148  шайлоочу же 5,98%,
  6. «Кучтүү регион» - 7 282 шайлоочу же 0,61%,
  7. «Багыт» Кыргызстандын либералдык-демократиялык» партиясы  - 11 457 шайлоочу же 0,96%
  8. «Ынтымак» - 127 611 шайлоочу же 10,73%,
  9. «Ишеним» - 159 757  шайлоочу же 13,43%,
  10. «Азаттык» - 47 575  шайлоочу же 4,00%
  11. «Мекенчил Эл» - 18 254  шайлоочу же 1,53%,
  12. “Кыргызстан жашылдар партиясы” – 4 842 шайлоочу же 0,41%,
  13. «Жашасын Кыргызстан» - 5 232 шайлоочу же 0,44%,
  14. «Социал-демократтар» - 37 846  шайлоочу же 3,18%,
  15. «Аруузат – Эл Куту партиясы» - 5 378 шайлоочу же 0,45%,
  16. «Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук партия» - 11 139 шайлоочу же 0,94%,
  17. “Улуттар Биримдиги” - 29 374 шайлоочу же 2,47%,
  18. "Эл Үмүтү" – 52 685 шайлоочу же 4,43%,
  19. «Ордо» - 5 359 шайлоочу же 0,45%,
  20. «Улуу-Журт» - 8 485 шайлоочу же 0,71%,
  21. «Ата-Журт Кыргызстан» - 200 244 шайлоочу же 16,83%,
  22. Баарына каршы – 25 578 шайлоочу же 2,15%.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык, шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө 5% - жалпы республикалык босогону, 0,5% - аймактык шайлоо босогосунан өткөн саясий партияларга жол берилет.     

Саясий партиялар алган мандаттарды бөлүштүрүүдө, алгач жалпы мандаттардын санынын 30пайыздан кем эмеси шайлоочулардын эӊ көп добушун алган аялдардын арасында бөлүштүрүлөт. Эгер саясий партиялардын тизмесиндеги аял талапкерлер шайлоочулардын добуштарын албай калса, аялдар квотасы боюнча калган мандаттар  Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген саясий партиянын тизмесиндеги аял талапкерлердин жайгашуу тартибине ылайык кезек боюнча бөлүштүрүлөт. 

Андан соӊ калган мандаттардын жалпы санынын 70 пайызы башка талапкерлерге салыштырмалуу катар номуру үчүн шайлоочулардын добуштары көбүрөөк берилген  талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Бул учурда саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин позициялары ар бир талапкердин алган шайлоочулардын добуштарынын санына жараша төмөнгө карай ыраатта жайгаштырылат.  

Бир саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлер ортосунда алган шайлоочулардын добуштары теӊ болуп калган учурда, талапкердин позициясынын ирети Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо бул тизмеде талапкерлердин жайгашуу тартибине ылайык аныкталат.  

Пропорционалдык тутум боюнча саясий партияга Жогорку Кеӊешке депутаттык мандаттардын жалпы санынын 50%дан ашпаганы берилиши мүмкүн (27 манданттан көп эмес).  

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>